Былтыр КР спортчулары канча медалга ээ болду? Мамагенттиктин статистикасы

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу
Чемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медалдардын 133ү — алтын.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 499 медалга ээ болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жетекчисинин орун басары Канатбек Арпачиев мекеменин жыл жыйынтыгы боюнча өткөн иш-чарасында билдирди.

Анын айтымында, былтыр өлкө аймагында 21 эл аралык жана 127 республикалык мелдеш өткөрүлгөн. Курама команда чет мамлекеттеги 97 турнирге катышып, 166 жолу (21и — чет жакта) машыгууларды өткөргөн.

"Кыргызстандык спортчулардын ири мелдештердеги жетишкендигине баам салсак, жалпысынан 499 медалга ээ болушкан. Алардын 133ү — алтын, 141и — күмүш жана 225и — коло. Ошондой эле 5 күмүш жана 1 алтын медаль ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга таандык", — деди Арпачиев.

Мындан тышкары, "КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамын — 12, "Эмгек сиңирген спортчу" наамын — 9 адам, ал эми "Спорт чеберин" — 199, "Эл аралык класстагы спорт чебери" наамын 56 адам алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0