Балдар үйүндө тарбияланган өспүрүмдөр кышкы оюндар боюнча күч сынашат

Жазылуу
Спорттук иш-чара 28-февраль күнү "Тогуз-Булак" тоо лыжа комплексинде уюштурулат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Балдар үйүндө тарбияланган жаштар арасында кышкы оюндар боюнча сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 28-февралда "Тогуз-Булак" тоо лыжа комплексинде уюштурулат.

"Чылымсыз спорт" урааны астында өтө турчу мелдеште 12-14 жаштагы өспүрүмдөр түрдүү спорттук оюндар боюнча ат салышат. Аларды сергек жашоого жана спорт менен машыгууга үндөгөн саамалык үчүн мамлекеттик агенттик 100 миң сом бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0