БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Football-rankings.info Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы февралдагы FIFA рейтингинде төрт сапка артка кетет деп эсептейт. Учурда улуттук команда 91-орунда турат.
Буга чейинки божомолдору туура чыгып келген сайттын серепчилеринин айтымына караганда, февралдагы рейтингде Кыргызстан командасы 95-орунда болуп калышы мүмкүн. Топтогон 1250,44 упайдын саны 14кө кыскарат. Аталган рейтинг 7-февралда жарыяланмакчы.
Жарым чейрек финалда Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчулары менен кездешип, 3:2 эсебинде жеңилген. Бирок оюнга көз салган башкы калыстын пенальти белгилеши бир топ кайчы пикирлерди жараткан.
Татыктуу оюн көргөзгөн футболчуларды мекенине келгенде эл шаан-шөкөт менен тосуп алып, президент мамлекеттик сыйлык ыйгарган.
Кыргызстандын футбол боюнча курма командасы 2018-жылы жазда FIFA рейтингинде рекорддук көрсөткүчкө жетип 75-орунга чыккан.
Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.
Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).
Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев билдирди.
Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага аймактардан жана шаарлардан келген 300дөн ашык жиу-житсучу катышты.
Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар жана балдар күч сынашты. Ар биринде бир нече салмак категориясы каралган.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланды. Федерация президенти белгилегендей, турнирдин жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге бара турчу командалар куралат.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.