Белинен! Валентина Шевченко жаңы жылдагы алгачкы бийин жүктөдү. Видео

© Фото / из личного архива Валентины ШевченкоПретендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеону бир күндүн ичинде 45 миңден ашык адам көргөн.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко белин чимирилте бийлеп жаткан жаңы видеосун Instagram баракчасына чыгарды. Ал бийди бир күндүн ичинде 45 миңден ашуун адам көргөн.

"Бардыгыңарга көңүлдүү күн каалайм", — деп жазган Шевченко видеонун алдына.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) 3 Фев 2019 в 9:34 PST

Спортчунун энеси Елена Шевченконун айтымында, бийдин так аталышы жок.

"Бул — импровизация. Видео жакынкы күндөрү тартылган. 2019-жылдагы алгачкы бийи", — деди Шевченко.

Муай-тай, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко мушташкандан сырткары сүрөт дагы тартат. Видео
Спортчу Валентина Шевченконун октаганго чыгып мушташкандан башка өнөрүн көбү биле бербесе керек. Ал гитарада кол ойнотуп, сүрөттү мыкты тартат, тапанчаны таамай аткан талантка ээ. Ошондой эле дүйнө элдеринин бийин бийлейт.

Ал буга чейин цыган бийин да аткарган.

Эске сала кетсек, былтыр 8-декабрда Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти UFC 231 турниринин алкагында утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0