Кыргызстандын чабуулчусу Виталий Люкстун архивдик сүрөтү

Виталий Люкстун голу Азия кубогундагы мыкты ондукка кирди. Видео

871
(жаңыланган 15:27 04.02.2019)
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноп, Виталий Люкс бир оюнда үч жолу гол киргизди.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. FOX Sports Asia спорт телеканалы Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкстун голун Азия кубогундагы эң мыкты он голдун катарына кошту.

Азия кубогунун алкагында Люкс Филиппиндер менен болгон оюнда (24, 51 жана 77-мүнөт) хет-трик жасады

FOX Sports Asia телеканалы Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусунун экинчи таймда киргизген голун өзгөчө белгилеген. 51-мүнөттө Люкс Бекжан Сагынбаевден алган топту айланып дарбазаны карабай туруп тээп киргизген.

Андан сырткары, телеканалдын рейтингине Өзбекстан командасынын чабуулчусу Элдор Шомуродов, Ирак курама командасынын коргоочусу Али Аднан Казим, австралиялык жарым коргоочу Авер Мабила, түркмөнстандык Арсланмурад Аманов, Таиланд курамасынын оюнчусу Чанатхип Сонгкрасин, Сауд Аравиянын оюнчусу Хаттан Бахебри, япон чабуулчусу Цукаса Сиотани жана Кытай командасынын чабуулчусу У Лэйдин киргизген голдору да кирген.

Кыргызстандык футболчулардын Азия кубогунда киргизген голдору көз жаздымда калган жок. Буга чейин КР курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин голу 1/8 финалындагы мыкты голдордун бири болгон

871
Белгилер:
топ, гол, футбол, Виталий Люкс, Кыргызстан
Тема боюнча
Абдуллаев: Кыргызстандын футбол командасына татыктуу муун өсүп келе жатат
Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде ылдыйлашы мүмкүн