Катар футболчуларына Лондондон батир белек кылабы?

© REUTERS / SUHAIB SALEMФутболисты сборной Катара празднуют победу в финале Кубка Азии по футболу в ОАЭ. 1 февраля 2019 года
Футболисты сборной Катара празднуют победу в финале Кубка Азии по футболу в ОАЭ. 1 февраля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарап жаткан маалыматтарга караганда, Катардын эмири футболчулардын ар бирине Лондондон батир, эки миллион фунт стерлинг, өмүр бою ай сайын берилчү стипендия жана акыркы үлгүдөгү Lexus убадалаган.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Азия кубогун жеңген Катардын футболчуларына эмир укмуштуудай белектерди берери айтылууда.

Катарлыктар япониялыктарды 3:1 эсебинде жеңип биринчи жолу Азия чемпиону аталды.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Виталий Люкстун голу Азия кубогундагы мыкты ондукка кирди. Видео

Тарап жаткан маалыматтарга караганда, Катардын эмири Тамим бин Хамам Аль Тани футболчулардын ар бирине Лондондон батир, эки миллион фунт стерлинг, өмүр бою ай сайын берилчү стипендия жана акыркы үлгүдөгү Lexus убадалаган.

Бул жаңылыкты социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкуулап жатышат. Көптөр муну "мамлекеттин чыныгы колдоосу" дешүүдө.

Анткен менен Катардын Футбол ассоциациясы мындай маалыматты төгүндөдү.

"ЖМКлардагы маалыматтар чындыкка дал келбейт. Эмир андай убада берген эмес", — деп улуттук команданын менеджери Али аль-Салат билдирди.

Футболчуларга чынында кандай белек берилгени азырынча айтыла элек. Болгону команда жеңиши үчүн Азия футбол конфедерациясынан 5 миллион доллар алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0