ММА дүйнөсүндө Конор Макгрегордун "клону" пайда болду

© AP Photo / John LocherUFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор. Архив
UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макгрегордун жүрүм-турумун туураган мушкер карьерасында экинчи ирет жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегордун ордун баса турчу спортчу табылды. Бир катар ЖМКлар немис мушкери Морис Адорфту ирландиялык спортчунун "клону" деп атаганын "Известия" басылмасы жазып чыкты.

"Анын бир гана сакал-муруту сары эмес. Чач жасалгасы, татуировкасы, жада калса басканы да окшош. Макгрегордун жүрүм-турумуна басым жасаган мушкер карьерасында экинчи ирет жеңишке жетти", — деп айтылат басылмада.

Конор Макгрегор UFCнин тарыхында эки салмакта тең чемпион болгон ирландия мушкери. ММА боюнча 21 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0