Бишкекте шахмат боюнча өлкө биринчилиги уюштурулат

Жазылуу
Анда өлкө аймагынан чогулган 5 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кыздар, балдар күч сынашат.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Борбор калаада окуучулар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат 20-28-февраль күндөрү өтөт. Анда өлкө аймагынан чогулган 5 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кыздар, балдар ат салышат.

Бишкек шаарында уюштурулуп жаткан иш-чаранын максаты күчтүү спортчуларды Азия жана дүйнө биринчилигине тандоо жана алардын чеберчилигин арттыруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0