Кыргызстан командасы февралдагы FIFA рейтингинде ылдыйлап кетти

© AFP / Khaled DESOUKIКыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команда 6 жолу расмий беттеш өткөрүп, анын үчөөндө жеңип, калганында жеңилүү ызасын тарткан.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) февралдагы рейтингинде төрт сапка ылдыйлап, 211 өлкөнүн ичинен 95-орунду алды. Бул туурасында Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматынын билдирди.

Отчеттук мезгилдерде Александр Крестининдин жетекчилиги менен улуттук команда жети беттеш өткөрүп, анын алтоо расмий деп аталып рейтинг түзүлгөн.

Жолдоштук беттештер:

  • Иордания — Кыргызстан, 2018-жыл, 20-декабрь (жеңиш, 0:1);
  • Катар — Кыргызстан (жеңилүү, 1:0);
  • Кыргызстан — Палестина, 2018-жыл, 31-декабрь (жеңиш, 2:1);
  • Азия Кубогу - 2019, тайпалык этап:
  • Кытай — Кыргызстан, 7-январь (жеңилүү, 2:1);
  • Кыргызстан — Түштүк Корея (жеңилүү, 0:1);
  • Кыргызстан — Филиппин (жеңиш, 3:1).
  • Азия Кубогу - 2019, 1/8 финал:
  • БАЭ — Кыргызстан (жеңилүү, 3:2).

Бул жолкусунда мыкты команда болуп Катар өлкөсү табылды. Азия кубогунун жеңүүчүлөрү 38 сапка секирик жасап 55-орунду ээлеген. Түндүк Корея 12 позицияга артка кетип 121-орунга түштү да, бул айдын эң начар командасы болду.

Ал эми алдыңкы ондукта төмөнкүлөр турат:

  1. Бельгия;
  2. Франция;
  3. Бразилия;
  4. Хорватия;
  5. Англия;
  6. Португалия;
  7. Уругвай;
  8. Швейцария;
  9. Испания;
  10. Дания.
Жаңылыктар түрмөгү
0