Футбол федерациясынын президенттигине 6 киши ат салышууда. Тизме

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутбол топтору. Архив
Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын жабык өтмөкчү.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Футбол федерациясынын президенттигине алты адам ат салышып жатканын аталган уюмдан билдиришти.

Белгилей кетсек, федерациянын жетекчиси Семетей Султанов Азия кубогу өтүп жаткан кезде кызматынан кетүү боюнча арыз жазган. Президентти шайлоо боюнча жыйын 9-февралда өтөт.

Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Азия кубогундагы ийгиликтүү кадамы. FIFA жыйынтык чыгарды

Маалыматка ылайык, федерацияны жетектейм дегендердин катарында коомдук ишмер, футбол ардагери, "Дордой" футбол клубунун президенти, федерациянын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков, федерациянын башкы катчысы Медер Сыдыков, аталган уюмдун вице-президенттери Дастан Конокбаев менен Канат Маматов, Бишкек шаардык футбол бирикмесинин жетекчиси, "Алга" командасынын ардагери Алмаз Чокморов жана ФИФА калысы, Ош шаардык балдар футбол мектебинин жетекчиси Бахадыр Кочкаров бар.

Жыйын жабык өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0