Грек-рим күрөшү. Архив

Бишкекте жаштар грек-рим, эркин жана аялдар арасындагы күрөш боюнча таймашат

71
(жаңыланган 10:24 09.02.2019)
Иш-чара 1-3-март күндөрү болот.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы "Арча-Бешик" дене тарбия комплексинде грек-рим, эркин жана аялдар арасындагы күрөшү боюнча Бишкектин чемпионаты өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара 1-3-март күндөрү болот.

Ага Бишкек шаарынын спортчуларынан турган командалар катышып, спорттун жогорудагы үч түрү боюнча күч сынашат. Таймашка 1999-2002-жылы туулган кыздар-балдар катыша алат.

Чемпионат борбор калаанын курама командасын тандоо үчүн өткөрүлүүдө. Бишкектин аймагында спорттук күрөштү элге жайылтуу жана спорттук чеберчиликти арттыруу максаты көздөлгөн.

Иш-чараны Бишкектин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы уюштуруп жатканы маалым болду.

71
Белгилер:
чемпионат, спорт, Дене тарбия, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балдар үйүндө тарбияланган өспүрүмдөр кышкы оюндар боюнча күч сынашат
ЖМК: Антонина Шевченко америкалык мушкер менен беттешмей болду

Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды

145
Алматылык "Кайрат" футбол клубу жарым коргоочусу, мыкты дриблинги жана шамдагайлыгы менен кыргызстандык "Месси" атыккан Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма чыгарды.

Кыргызстандын улуттук командасынын 20 жаштагы оюнчусу 2020-жылдын январынан тарта алматылык "Кайрат" клубуна өткөн. Жакында эле клуб менен 2023-жылдын аягына чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

Буга чейин ал беларустук "Неман" клубунун намысын коргогон. Футболчу ар дайым Европа клубдарында ойноону максат кылганын айтат. Учурда алматылыктардын намысын коргоп жатканына ыраазы экенин белгилеген.

Кыргызстанда спорттук карьерасын баштаган оюнчу "Дордой" клубунда тарбияланып, жергиликтүү "Кара-Балта", "Алга" командаларында ойногон. Мындан сырткары, түркиялык "Антальяспор" клубунда өзүн сынаган.

Тасмада Алыкулов Алматыдагы жашоосуна ыраазы экенин айткан. Атасын эстеп, ар тараптан колдогон үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирет.

"Кайраттын" башкы машыктыруучусу Алексей Шпилевский кыргыз футболчусун "Немандын" сабында ойноп, атаандаштын жарым командасын буйтап өтүп гол киргизгенде байкаганын айтат. Гүлжигит Европада ойногусу келген изги тилегине карабай, бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин Казакстанга келген.

Машыктыруучу кыргыз футболчусунун өз алдынчалыгын жана жеңиш үчүн умтулган кайраттуу мүнөзүн өзгөчө белгиледи.

Алыкулов өзү болсо "Кайраттын" сабында дагы бир жолу Казакстандын чемпиону болууну жана Кыргызстандын улуттук курамасы менен дүйнө чемпионатында ойноону самаарын белгиледи.

145
Белгилер:
Казакстан, Алматы, ФК Кайрат, даректүү тасма, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты

Гол киргизип, токтоно албай дарбазаны да бузуп кеткен футболчу. Видео

184
(жаңыланган 13:15 11.05.2021)
Футболчу андан жабыр тарткан эмес, тескерисинче, голун майрамдап чуркап кеткен. Ал эми дарбазанын мамысы кыйшайып калган.

Швециянын "Мьельбю" клубунун чабуулчусу Якоб Бергстрем "Эстерсунд" клубуна гол киргизип, атаандаштын дарбазасын да бузуп кетти. Бул тууралуу telegraf.com.ua маалымат булагы жазды.

Өлкө чемпионатынын 5-турунун алкагындагы беттештин 38-мүнөтүндө чабуулчу капталдан чыгарылган топту башы менен сүзүп голго айланткан. Катуу күү менен келген оюнчу өзүн токтото албай дарбаза мамысына урунган. Футболчу андан жабыр тарткан эмес, тескерисинче, голун майрамдап чуркап кеткен. Ал эми дарбаза мамысы кыйшайып калган.

Кызыктуу окуя менен коштолгон бу гол "Мьельбю" үчүн беттештеги жалгыз жана жеңүүчү гол болгон.

"Мьельбю" чемпионатта тогузунчу орунда, ал эми "Эстерсунд" 12-сапта келе жатат.

184
Белгилер:
дарбаза, окуя, гол, футбол
Тема боюнча
Кайра-кайра топ тийип. Германиялык футболчунун оюнда жапа чеккен видеосу
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы Sinopharm вакцинасын дарядап жатат

Кыргызстан 20 млн. долларга Кытайдын Sinopharm вакцинасын сатып алат

0
Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражатка препарат сатып алуу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйнөлүк банк бөлө турган 20 миллион долларга Кыргызстан Кытайдын коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" билдирди.

"Кечээ күнү Дүйнөлүк банк жана донорлор менен кенен чөйрөдө онлайн-конференция болду. Алар бизге ДССУнун тизмесинде турган вакцинаны сатып алууга 20 миллион доллар бөлөт. Биз тизмедеги вакциналарды тандап алууга укугубуз бар, Россиянын "Спутник V" вакцинасы ал тизмеде жок. Бирок Кытайдын Sinopharm препараты бар. Андыктан ошону сатып алабыз", — деди Бейшеналиев.

Кечээ Дүйнөлүк банк жакынкы айларда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган коронавируска каршы вакцинаны сатып алууга 20 миллион доллар берери белгилүү болгон.

0
Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, сатып алуу, вакцина, Sinopharm, дүйнөлүк банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кытай гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берет
Министр: жакында "Спутник V" вакцинасынын дагы 20 миң дозасы келет