Футбол федерациясынын президенти шайланды

© Фото / пресс-служба ФФКРПрезидента Федерации футбола КР Канатбек Маматов
Президента Федерации футбола КР Канатбек Маматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчи уюмду төрт жыл башкарат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Канатбек Маматов Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул туурасында аталган федерациянын расмий сайтында айтылат.

Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары Валерий Кичин жана Кайрат Жыргалбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мыкты футболчусуна Россиянын клубу кызыгууда
Бүгүн, 9-декабрда, федерациянын кезексиз жыйыны өткөрүлгөн. Алгач делегаттар Футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султановдун кызматтан кетүүсүн кабыл алып, ордуна жалгыз талапкер Канатбек Маматовду шайлашкан.

Маалыматта ал жетекчи катары төрт жыл иштей ала турганы айтылат. Маматов буга чейин Футбол федерациясынын президентинин орун басары кызматын ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0