Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив

Рафаэль Физиевдин UFC уюмунан келген чакырууга болгон реакциясы. Видео

712
(жаңыланган 18:48 10.02.2019)
Спортчунун UFC турниринин алкагындагы алгачкы беттеши Санкт-Петербург шаарында 20-апрелде өтөт.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин UFC уюмунан келген чакырууга болгон реакциясынын видеосу чыкты.

Видеону Azat Sharshen Uulu аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарыялады.

Спортчунун UFC турниринин алкагындагы алгачкы беттеши Санкт-Петербург шаарында 20-апрелде өтөт.

Азырынча анын атаандашы ким болору тактала элек.

Рафаэль Физиев UFC уюму менен келишим түзгөн үчүнчү (Валентина жана Антонина Шевченколор) кыргызстандык. Спортчу 2017-жылдын февралындагы беттешүүсү менен эсте калып, эл оозуна алынган. Атаандашынын бут соккусунан "Матрица" тасмасынын башкы каарманы Нео сымал буйтап кеткен. Андан кийин спортчу машыккан Таиланддын Phuket Top Team клубу Физиевди "ринг падышасы" атап, кыргызстандыктын мыкты ирмемдерин видео кылып чыгарган.

Кыргызстандык мушкер UFC уюмунун былтыр жайында Лас-Вегаста өткөн турниринде эле өнөрүн көрсөтүшү керек болчу. Бирок ага АКШнын визасы берилбей калган.

712
Белгилер:
беттешүү, мушкер, UFC, Рафаэль Физиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Рафаэль Физиев UFC уюмунда беттешке чыга турган болду
Мушкер Физиев атаандашын баш көтөртпөй нокаут менен жеңди. Видео