UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев беделдүү делген UFC уюму менен келишим түздү. Буга чейин аталган промоутерлик компанияда өлкө атынан эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор күч сынашып келген.

Физиевдин UFC уюмундагы алгачкы беттеши 20-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтөт. Азырынча атаандашы тандала элек.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги учурда Таиландда жашап, машыгып, өзү да спортчуларга насаатчы болгон Рафаэль Физиев менен интернет аркылуу байланышып, маек курду.

— Рафаэль, UFC менен келишим түздүңүз, куттуктайм. Кабар күтүүсүз болду окшойт. Менеджериңиз Саят Абдрахманов сүйүнчүлөгөндө аз жерден ыйлап жиберейин дедиңиз... Бул интернеттеги видеодон көрүнүп турду...

— Куттуктооңузга рахмат. Ооба, абдан күтүүсүз болду. Машыгууда жүрсөм Саят келип "жүрү, сүйлөшөлү" деп бери жакка чакырды. Эч нерсени түшүнгөн жокмун. Алгач Япониядагы беттешим болбой калганын айтканда маанайым түштү. Бир аздан кийин UFC менен келишим түзүлгөнүн билдирди. Бул көксөп жүргөн кыялым эле. Айтаарга сөз таппай калдым. 

© Фото / предоставлено Рафаэлем ФизиевымКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев менеджери Саят Абдрахманов менен
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев менеджери Саят Абдрахманов менен

— Ошондо UFC уюмунун турниринде мелдешүү бактысы кантип буюрду? Уюштуруучулар өздөрү байланышка чыктыбы, же сизби?

— Кандай десем, бул менин 10 жылдык эмгегим. Кан, тер, көз жаш, ушунун баары чогулуп келип эмгегимди актады. Келишим боюнча уюмда төрт беттеш өткөрө алам.

— UFC уюмунун тандоо турнирине катышпай эле дароо келишим түзгөнүңүз таң калычтуу болуп жатат. Буга Titan FC уюмундагы акыркы беттешиңиз таасирин тийгизсе керек?

— Мен деле таң калып жатам. Бул менеджерим Саяттын аракети. ММА спортундагы алты беттешимди мөөнөтүнөн мурда аяктагам. Албетте, "Матрица" тасмасындагы Неонун ыкмасынан кийин таанымал болгонум да келишим түзүүгө жардамын берди. 

© Фото / предоставлено Рафаэлем ФизиевымФизиев: UFC уюму менен келишим түзүүгө "Матрица" тасмасындагы Неонун ыкмасынан кийин таанымал болгонум да жардамын берди
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот - Sputnik Кыргызстан
Физиев: UFC уюму менен келишим түзүүгө "Матрица" тасмасындагы Неонун ыкмасынан кийин таанымал болгонум да жардамын берди

— Неонун ыкмасын кайталайын деген ой барбы?

— Көрөбүз го (күлүп). Ал ыкманы машыгууда кайталап турам.

— Сизди акыркы убактарда каймана атыңызды Нео дегендер бар. Өзүңүз кандай кабыл алдыңыз?

— Жок, менин каймана атым "Атаман". Ал атты машыктыруучум Павел Федотов койгон. 

— Эркектер арасында UFC уюму менен келишим түзгөн биринчи кыргызстандык болуп калдыңыз. Бул көп жылдык эмгегиңиздин үзүрү экенин белгилеп кеттиңиз. Убагында мамлекеттен же демөөрчүлөрдөн колдоо, жардам алдыңыз беле?

— Биринчи деп айтып жатышат. Бирок мен 90-жылдары UFCде күчүн сынаган кыргызстандык жигит тууралуу уккам. Ал Кыргызстанда жашап, кийин Америкага көчүп кеткен экен. Ооба, көп жылдык эмгек. Мамлекет эч убакта жардам берген эмес. Былтыр мелдешке барууда суу чыгарган атамекендик компания жардам берген. Демөөрчүлөрдөн ошол эле. 

© Фото / Facebook / ROAD FCМушкер Рафаэль Физиев ММА боюнча 6 мелдешти мөөнөтүнөн мурда бүтүргөн
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Рафаэль Физиев ММА боюнча 6 мелдешти мөөнөтүнөн мурда бүтүргөн

— Сыр болбосо беттештерде канча табасыз?

— Ишенесизби, ушул кезге чейин беттештен түшкөн акчаларды карыздарыма төлөп келдим. Машыгуу менен жумушту айкалыштыруу мүмкүн эмес. Анан акча сурайсың. Кээде мелдештен алган сый акымды толугу менен карызга төгүп берген учурум болгон. Беттешке чыкпаган убакта эртеден кечке балдарды машыктырып, турмуш-тиричиликке каражат табам.

— Октагондогу салмак чениңиз 70 килограмм. UFC уюмунун бул дивизионунда Хабиб Нурмагомедов, Конор Макгрегор, Тони Фергюсон аттуу алдыңкы мушкерлер бар. Салмак чениңизди алмаштыруу боюнча ойлонуп көргөнсүзбү?

— Спорттогу салмагым 70 килограмм болгону менен өзүм андан кичирээкмин. Балким 66 килограммда күч сынашып калаармын. Убагы келгенде чечебиз.

© Фото / предоставлено Рафаэлем ФизиевымФизиев: UFC уюму менен келишим түзүү менин 10 жылдык эмгегим. Кан, тер, көз жаш, ушунун баары чогулуп келип эмгегимди актады
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот - Sputnik Кыргызстан
Физиев: UFC уюму менен келишим түзүү менин 10 жылдык эмгегим. Кан, тер, көз жаш, ушунун баары чогулуп келип эмгегимди актады

— Эгер Хабиб Нурмагомедов, Конор Макгрегор менен туш келип калсаңыз, ута алат белеңиз?

— UFC уюму менен келишим түзүү кол жеткис кыял эле. Бирок ал тилегим деле орундалды. Демек "мүмкүн эмес" деген нерсе жок. Ал мушкерлердин деле меникиндей колу-буту, жаагы бар. Бардык мушкерди утса болот. Менин соккуларым катуу. Андыктан мени менен кармашуу деле оңой болбойт.

— Учурда Таиланддын Пхукет шаарында жашап, машыгарыңызды билебиз. UFC уюмунун мушкерлери көбүнчө American Top Team, Jackson-Wink аттуу залдарда машыгат. Башка шаарга көчүп баруу планыңызда барбы? Эгер андай болсо, виза маселеси жаралса керек?

— Машыгуу лагерин алмаштыруунын кажети жок. Виза алууда тажрыйбалуу болуп калдык. Санкт-Петербургдагы беттешим бүтөрү менен Кыргызстанга барышым мүмкүн. 

© Фото / предоставлено Рафаэлем ФизиевымРафаэль Физиев өмүрлүк жары жана уулу менен
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиев өмүрлүк жары жана уулу менен

— Instagram баракчаңыз аркылуу мындан аркы мелдештерде Кыргызстан менен Азербайжандын желегин көтөрүп чыгарыңызды билдирдиңиз. Буга карата ар тараптуу комментарийлер жазылды...

— Кыргызстан — менин мекеним. Эч жакка көчүп кетейин деген оюм жок. Азербайжандын желеги улутумду гана айгинелейт. Ал жакта да менин миңдеген күйөрманым бар. Алар да буга чейин UFC уюмунда азербайжандык мушкер күч сынаша элек деген оюн айтышкан. Терс комментарий калтыргандарга сөз жок.

— Акыркы жылдары ММА мелдештерине гана катышып келесиз. Ошондо тайбокс жана кикбокстогу карьераңызды жыйынтыктадыңызбы?

— Ооба, жыйынтыктадым.

— UFC уюмуна күч сынашам деген мекендештерге кандай кеңеш бересиз?

— Кудайдан тилек сураганды унутпаш керек. Мен деле Таиландга келип машыкканыма үч эле жыл болду. Болбосо айылда чоңойгон (Казакстан, Степное айылы) баламын. Аракет кылса, эмгектенсе, ийгиликке жетсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0