БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунда алгачкылардан болуп Кувейт менен беттешет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.
Жакыповдун айтымында, чемпионатка 26 адамдан турган делегация барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, дарыгерлер жана менеджерлер бар. Эгер Кыргызстан тайпалык этаптан өтсө, анда Дүйнө чемпионатына катышууга укук алат.
Аталган мелдеш 2020-жылы 1-17-май күндөрү Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарларында өтөт.