Бишкекте 100дөй боксчунун катышуусунда Шопоков турнири өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу в Бишкеке
Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер сегиз, кыз-келиндер беш салмак категориясы боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте Советтер Cоюзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналып бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өтө турчу турнир быйыл 20-24-февралга туш келет.

"Мелдеш 42-жолу өткөрүлөт. Кожомкул атындагы спорт сарайында 100дөй боксчу күч сынашат. Алар Россия, Белоруссия, Таиланд, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын жети дубанынан келиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Боец смешанных единоборств Пейдж ВанЗант - Sputnik Кыргызстан
Тийише көрбөңүз! UFC уюмунда мушташкан чырайлуу кыздардын сүрөттөрү
Эркектер сегиз салмак категорияда күч сынашат: 46-52, 57, 63, 69, 75, 81, 91 жана +91 килограмм.

Кыздардын салмагы 5 категорияда болот: 45-49, 57, 64, 69 жана 75 килограмм.

Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, 1 миллион 732 миң сом бөлүнгөн.

Өлкөнүн жаш жана ийгиликтүү боксчулары менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин лонгридинен таанышыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0