Карс эткени угулду... ММА мушкери атаандашын тебем деп бутун сындырып алды

Жазылуу
Окуя Cage Warrior 101 турнириндеги беттеш учурунда болгон.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Франциялык ММА мушкери Софьян Бухиш атаандашы Том Аспиналь менен беттешип жатып бутун сындырып алды. Видео CageWarriors уюмунун Twitter баракчасына жарыяланган. 

​Окуя 16-февралда Ливерпулда (Улуу Британия) Cage Warrior 101 турнириндеги кармашта болгон. Мушкерлер кеченин башкы беттешинде күч сынашканы айтылат.

Кадрда көрүнүп тургандай, Бухиш атаандашын бутка тепкенде Аспиналь тизесин көтөрүп соккуну тосуп калган. Андан кийин Бухиштин оң буту "карс" эте кулакка угула сынып, жерге жатып калганын байкоого болот. Беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мушкер ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0