Дастан Лепшаков баштаган бильярдчылар Россиядагы дүйнө чемпионатына барат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБильярд оюну. Архив
Бильярд оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 20га чукул өлкөнүн спортчулары барары айтылды.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык үч бильярдчы Россияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Чемпион и призер Азиатских игр получили денежные премии в Оше  - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова, Махмудов, Маслова... Айына 50-60 миңден алган спортчулардын тизмеси
Мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Ханты-Мансийск шаарында өтмөкчү. Ага өлкө атынан Дастан Лепшаков, Ызатбек Ратбеков жана Канат Сыдыков катышат. Бильярдчыларды башкы машыктыруучу Күмүшбек Дүйшөбаев коштоп барат.

Дүйнө чемпионатында Россия, Белоруссия, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн спортчулары күч сынашат.

Курама командага мамлекет тарабынан 239 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0