Дагы жеңиш! Ибрагимов атаандашын утуп, кубок менен 100 миң сомду илип кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанкий кикбоксер Рустам Ибрагимов во время боя с казахстанцем Жандосом Назарбековым на турнире по кикбоксингу по версии К1 среди профессионалов в Бишкеке
Кыргызстанкий кикбоксер Рустам Ибрагимов во время боя с казахстанцем Жандосом Назарбековым на турнире по кикбоксингу по версии К1 среди профессионалов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир саатка жетпеген убакыт мурда кыргызстандык спортчу Шахриза Халилова да өзбекстандык атаандашы Мухае Эркинованы жеңип алган эле.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчу Рустам Ибрагимов борбордо өтүп жаткан K-1 Pro Max эл аралык турниринин алкагында казакстандык Жандос Назарбековду жеңип, Grand Prix Top-4 наамына ээ болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот
Учурда борбордогу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кикбокс боюнча профессионалдар арасында мелдеш өтүүдө. Анда мушкерлер 61 килограмм салмакта беттешти. Натыйжада Ибрагимов казак мушкерин калыстардын чечими менен утуп, Grand Prix Top-4 наамына ээ болуп, сыйлык катары 100 миң сом алды.

Эске салсак, ушул эле турнирде бир саат мурда кыргызстандык спортчу Шахриза Халилова да өзбекстандык атаандашы Мухае Эркинованы жеңип алган эле.

Кеченин башка беттештеринен айырмаланып, Рустам эки кармаш өткөрдү. Ал жарым финалда өзбекстандык Рустам Ильхомду техникалык нокаут менен жер караткан.

Кыргызстандык Ибрагимов кикбокс боюнча дүйнө кубогунун ээси, Азиянын төрт жолку чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0