Бишкекте саясатчы жана ишкер айымдар футбол ойнойт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутбол топтору. Архив
Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль өспүрүм кыздарга арналганын уюштуруучулар билдирди.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ийгилик жараткан аялдары Бишкектеги жаңы конуштардагы өспүрүм кыздар менен футбол ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Аялдардын эл аралык майрамын утурлай Кыргызстандын Футбол федерациясы менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" аттуу фестиваль уюштурууда.

"Биз кыздарга өздөрүнүн деңгээлин жана мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенин түшүндүрүү үчүн аракетибизди бириктирдик. Теңата оюн кыздарга коркпоону үйрөтүп, калыптанып калган стереотиптерди жоготууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги жаңы конуштардагы өспүрүм кыздар өлкөдөгү белгилүү айымдар менен (саясат, бизнес, журналистика ж.б.) футбол ойнойт.

Катышуучулардын тизмеси такталууда.

Оюн 6-мартта Кыргызстандын Футбол федерациясынын базасындагы (Медеров көчөсү 1Б) футбол борборунда саат 13:00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0