Бусурманкул Абдубаит уулу M-1 уюмунун наамы үчүн качан беттеше алары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу. Архив
Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер аталган лига менен келишим түзгөн алгачкы кыргызстандык болуп саналат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу россиялык M-1 Global уюмунун чемпиондук куру үчүн быйыл жайында ат салыша алат. Бул туурасында аталган промоутерлик компаниянын Instagram баракчасында айтылат.

Маалыматта M-1 уюму жарым жеңил салмактагы (66 кг) чемпион Нейт Ландверди алдыда үч негизги атаандаш күтүп турганын жазган. Каршылаштардын арасында кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу да бар экендиги айтылат.

"Ландвер биздин уюмда төрт беттешти утуп, алтын кур тагынды, аны коргоп калганга да жетишти. Азыр анын башкы үч атаандашы бар. Алардын бири Ландверден мурда утулган Виктор Колесник, жеңилип көрбөгөн мушкер Абубакар Местоев жана лиганын эң эле белгилүү мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу. Ал уюмдун мурдагы чемпиону менен наамга талапкер болгон эки мушкерди уткан. Бусурманкул күйөрмандарын кубантып өз өлкөсүнөн чыккан M-1 уюмунун чемпиону боло алат. Бирок ал ден соолугун калыбына келтирип жатканына байланыштуу жайында гана беттеше алат", — деп айтылат Instagram аккаунтта.

Бул боюнча Абдубаит уулунун машыктыруучусу Кенжебек Чекиров Facebook баракчасы аркылуу оюн билдирип, анда спорттук лигадан беттешүүгө сунуштар болгонун билдирген.

"Учурда Бусурманкул мурда алган жаракаттарын дарылап, ден соолугун калыбына келтирип жатат. Эң башкысы, саламаттыкты чыңдоо керек! M-1 тарабынан беттеш өткөрүү боюнча сунуштар айтылган, бирок биз жайга чейин шашылбай туралы дедик. Мелдешке ийгиликтүү катышуу үчүн убакыт керек", — деп спортчунун күйөрмандарына ыраазычылык билдирген Чекиров.

Ошондой эле мушкер да ден соолугугун чыңдап жаткан сүрөттөрүн социалдык тармакка жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Busurmankul Abdibait Uulu (@busurmankul_mma)

Эске салсак, 26 жаштагы Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global спорттук уюмунда 2017-жылдан бери күч сынашып келет. Алгачкы ирет бразилиялык Диего Давелло менен беттешип тең чыкса, кийинки реванш-кармашта Давеллону утуп алган. Ошондон кийин уюм спортчу менен эки жылга келишим түзүүгө кол сунган.

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудовго операция жасалды! Балбандын алгачкы машыгуулары. Видео, сүрөт
Муну менен Абдубаит уулу аталган лига менен келишим түзгөн алгачкы кыргызстандык болуп калды. Соңку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген.

Россияга таандык M-1 Global - дүйнөдөгү белгилүү лигалардын бири. Анда 20 жыл аралыгында Федор Емельяненко, Жефф Монсон, Хабиб Нурмагомедов, Кенни Гарнер, Александр Волков жана Александр Шлеменко өңдүү мушкерлер ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0