Финалга аз калганда... Айсулуу Тыныбекованын Болгарияда коло алган видеосу

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу жарым финалда украиналык Юлия Ткач Остапчукка бир упай (10:11) гана айырмачылыкта утулуп калган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Болгариядагы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык турнирде үчүнчү орунду камсыздады. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтында айтылат.

Учурда Болгариянын Русе шаарында күрөштүн грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы түрлөрү боюнча балбандардын рейтингин аныктаган "Дан Колов жана Никола Петров" аталышындагы турнир өтүп жатат.

Мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Ал 1/8 финалда италиялык Аврора Кампаньюну 11:0 упай эсебинде уткан.

Чейрек финалда Швеция мамлекетинен келген Мария Нигренди 8:1 упай эсеп менен жеңген.

Бирок жарым финалда украиналык Юлия Ткач Остапчукту утуп алууга бир гана упай (10:11) жетпей калды.

Мындан тышкары, Болгариядагы мелдеште коло байгени Руслан Царев (72 кг) менен Асан Сулайманов (55 кг) алган.

Ал эми алтын медалды Мурат Рамонов (130 кг) тагынганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0