Кыргызстандык бильярдчылар Дастан Лепшаков менен Канат Сыдыков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.

Кыргызстандык эки бильярдчы дүйнө чемпионатынан коло алды

155
(жаңыланган 13:56 04.03.2019)
Турнирге өлкө атынан 12 спортчу барган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык бильярдчылар Дастан Лепшаков менен Канат Сыдыков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, "Кураштырма пирамида" эрежеси боюнча мелдеш 26-февралдан 2-мартка чейинки аралыкта Ханты-Мансийск шаарында (Россия) өткөн. Ага 16 мамлекеттен келген 72 кий чебери катышкан.

Кыргызстандан аталган мелдешке 12 спортчу барган: Даниель Макеев, Арсен Каленбаев, Камалиддин Ессиддинов, Зайлан Адамов, Кайрат Абсатаров, Улугбек Абдуллаев, Сыймык Ураимов, Каныбек Сагынбаев, Дастан Лепшаков, Ызат Ратбеков, Канат Сыдыков жана Азиз Мадаминов.

Курама команданын ичинен байгелүү орундарды ээлеген Дастан Лепшаков менен Канат Сыдыков жалпысынан беш жолудан кармаш өткөргөн.

Лепшаков өз кезегинде төмөнкү спортчуларды утуп алды: Тохир Акрамов (Россия) - 6:2, Арби Муциев (Казакстан) — 6:0, Владимир Рейс (Молдова) — 6:1, Шахзод Мамиров (Өзбекстан) — 6:5. Жарым финалда Дастан Молдованын өкүлү Сергей Крыжановскийге уттуруп жиберген (5:6). Жыйынтыгында бильярдчы коло медалга ээ болгон.

Ал эми Канат Сыдыков беш беттешинде тең россиялык спортчуларга кез келген. Жарым финалдык баскычка чейин Всеволод Авеньянов (6:2), Леонид Швыряев (6:3), Никита Ливада (6:2), Семен Зайцев (6:5) сыяктуу спортчуларды жеңген. Жарым финалда россиялык Иосиф Абрамовго утулуп калып (3:6), үчүнчү орунду ээледи.

Курама команданын мелдешке катышуусу үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 239 миң сом бөлүнгөн.

155
Белгилер:
байге, коло, дүйнө, бильярд, спорт, Дастан Лепшаков, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Акжол Махмудовго операция жасалды! Балбандын алгачкы машыгуулары. Видео, сүрөт
Намыска жарады! Дастан Шаршеевдин атаандашын утуп дүйнө чемпиону болгон видеосу
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду

3579
(жаңыланган 17:21 03.07.2020)
Мушкердин атасы эки тараптуу пневмония болуп майдын башында Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго таянуу менен РИА Новости билдирди.

Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Уулу жана окуучусу Хабиб анын абалы оор экенин айтып келген.

3579
Белгилер:
спорт, машыктыруучу, өлүм, оору, пневмония, Хабиб Нурмагомедов, Абдулманап Нурмагомедов
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев каза болду

UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео

161
(жаңыланган 09:20 03.07.2020)
UFC YouTube каналына жарым жеңил салмактагы дивизиондогулардын беттешинин тарыхын, тагыраагы, бир нече турнирлерди чыгарды.

Жарым жеңил салмактагы категория 2010-жылдын аягында, UFC өзүнүн дивизионун кеңейтип, төмөнкү класстагыларды кошо баштаганда түзүлгөн.

Ал жылдары UFC World Extreme Cagefighting уюмунан бөлүнгөн. Жарым жеңил салмактагы WEC чемпиону Жозе Алду дароо аталган дивизиондун чемпиону деген титулду алган.

Бул наамды ал 2015-жылдын декабрына чейин алып жүрүп, UFC 194 турниринде ирландиялык Конор Макгрегорго алдырган.

Макгрегор бул титулдан 2016-жылдын 26-ноябрында ажыраган, себеби жеңил салмактагы чемпиондукка ээ болгон. Ал кезде титулду кармап келген бразилиялык Алдуга наамы кайтарылган.

Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу

2017-жылдын жай айында ал олжосун UFC 212 турниринде Макс Холловэйге алдырган. Ал эки жылдан кийин австралиялык Александр Волкановски менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан. Бул өткөн жылдын декабрында UFC 245 турниринде болгон.

 

161
Белгилер:
турнир, видео, беттешүү, UFC
Тема боюнча
Шевченко World MMA Awards премиясына эки категория боюнча көрсөтүлдү
Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки беттеши качан болору аныкталды
Кишинин температурасын текшерип жатышат. Архив

Окумуштуу: коронавирустан айыккандан кийин деле өпкө жакшы иштебей калат

19
(жаңыланган 15:42 05.07.2020)
Адистер вирус кайсы органдарды жабыркатарын кенен изилдөө менен анын кесепеттерин алдын алууга жардам берген препаратты даярдоону пландап жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан бир нече айдан кийин деле симптомдору кала бериши мүмкүн. Бул тууралуу Charite медициналык комплексинин жана Гарвард университетинин профессору Тобиас Курт айтып чыкканын "Известия" жазды.

Анын айтымында, алсырап, өпкөсү начар иштеп, дем алуусу бузулгандар көбөйөт. Бул вируска чейин ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жокторго дагы тиешелүү.

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

"Учурда дагы кайсы органдарды жабырката турганын изилдеп, бейтаптар менен иштешип жатабыз. Ошого жараша ооруну жеңгенден кийин анын кесепеттерин алдын алуу боюнча препаратты даярдоого болот", — деген профессор.

Буга чейин британиялык адистер вирустун кесепетинен кийин адамдын психологиясы бузуларын айтышкан.

19
Белгилер:
өпкө, оору, айыгуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы