Аравияга Көк бөрү федерациясынын президенти катары Жыргалбек Саматов барат

© Sputnik / Алия СамидинВице-президент федерации кок-бору КР Жыргалбек Саматов
Вице-президент федерации кок-бору КР Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этнофестивалда Кыргызстандан барган 50 улакчы беш командага бөлүнүп, көргөзмө оюн тартуулашат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Сауд Аравиядагы этнофестивалга Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти катары Жыргалбек Саматов барат. Аталган маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине экс-жетекчи өзү тастыктады.

Кыргызстандыктар Сауд Аравияда өзүн жакшы эле алып жүрөт. Катышуучунун видеосу  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Сауд Аравияда өзүн жакшы эле алып жүрөт. Катышуучунун видеосу
Эскерте кетсек, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп Жыргалбек Саматов жетекчиликтен алынган. Ошол эле күнү анын ордуна "Түндүкэлектр" ишканасынын директору Искендер Кадыркулов шайланган. Бирок Саматов өзү курултай легитимсиз өткөнүн айтып, аны жөн гана жыйын деп эсептей турганын билдирген. Ошондой эле аны федерациянын жобосун одоно бузуу менен кызматтан кетиришкенин белгилеп келет.

Этнофестивалда Кыргызстандан барган 50 улакчы беш командага бөлүнүп, көргөзмө оюн тартуулашат. Алгач аргымактарды да Кыргызстандан алып баруу пландалган, кийинчерээк айрым маселелерден улам аттар Сауд Аравиядан алына турганы айтылды.

"Эл аралык федерациянын баш катчысы жана Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын атынан Сауд Аравияга мен бара жатам. Бейшембиге караган түнү жолго чыгабыз. Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынан бирден команда жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Бишкек менен Ош шаарларынан экиден улакчы тандалып бир команда түзүлгөн. Жалпы жонунан айтканда оюнчулар Кыргызстандын бардык дубанынан чогултулду", — деди Саматов.

Бул боюнча жаңы шайланган президент Искендер Кадыркуловдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат катчысы ага өкмөттөн сунуш келбегенин билдирди.

Топоз менен улак тартабыз дейт... Жаныбарларды Сауд Аравияга жөнөтүү учуру видеодо - Sputnik Кыргызстан
Топоз менен улак тартабыз дейт... Жаныбарларды Сауд Аравияга жөнөтүү учуру видеодо
"Искендер Кадыркуловго Көк бөрү федерациясынын президенти катары Сауд Аравиядагы фестивалга катышууга өкмөттөн сунуш келген эмес. Азырынча барар же барбай турганы белгисиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген. Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, учурда ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0