Бир сөз айтпай интервью берди. Биатлон боюнча дүйнө чемпионунун видеомаеги

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүү​Үч жолу олимпиада чемпиону болгон биатлончу Анастасия Кузьмина
​Үч жолу олимпиада чемпиону болгон биатлончу Анастасия Кузьмина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык спорт комментатору Дмитрий Губерниев биатлон боюнча дүйнө чемпиону, үнү чыкпай калган Анастасия Кузьмина менен маек курду.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дээрлик эки мүнөткө созулган интервью учурунда Кузьмина бир да сөз айткан эмес.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк толкуйт! Сауд Аравиядагы этнофестивалдын ачылыш аземи. Видео
​Үч жолу олимпиада чемпиону болгон биатлончу Анастасия Кузьмина дүйнөлүк мелдеш алдында тамагы ооруп үнү чыкпай калган. Ал жеңишке жеткенден кийин тамагы ооруп жатканын айтып, журналисттерге интервью берүүдөн баш тарткан.

Бирок Губерниев дүйнө чемпионунан маек алуунун өзгөчө жолун тапкан. Видеодо журналисттин берген суроолоруна Кузьмина күлүп-жайнап башын ийкеп, чайкап, колу менен жаңсап жооп берип жатканын көрүүгө болот. Айрым билбеген суроолоруна ийин куушурган.

Видео көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0