Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Бахтияр Тойчубаев. Архив
Кыргызстандык мушкер Бахтияр Тойчубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марттын аягында кыргызстандык мушкер Бахтияр Тойчубаев Түштүк Кореяда өтө турчу Road FC турнирине катышат.

Кыргызстандык спортчунун мелдешин миңдеген адам күтүүдө. Ал эми Баха (спорттогу каймана аты) Москвада жүк ташуучу болуп эмгектенет. Машыгуу залы жашаган жеринен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык Тайсондун жашыган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу
Sputnik агенттигинин Москвадагы кабарчысы Лев Рыжков Бахтияр Тойчубаевдин жумушуна барып маектешип, андан ары машыгуусуна алып кетти.

Мушкердин спорттук жетишкендиктери тууралуу кыскача айта кетсек, 27 жаштагы Бахтияр Тойчубаев бокс жана ММА боюнча спорт чебери. Аралаш мушташ боюнча 11 беттешти утуп, 4 гана ирет жеңилген. 2015-жылы Молдовада ММА боюнча (WMMAF версиясында) дүйнө чемпиону аталган.

Акыркы жылдары беделдүү делген кореялык Road FC уюмунда күч сынашып келет.

Эч кандай жасалмалуулук жок

Бахтияр Тойчубаев иштеген кампа Москванын четиндеги Домодедово шаарында жайгашкан. Шаар анча чоң эмес.

Бахтияр иштеген ири өндүрүштүк ангардын бийиктиги он метрди түзөт. Текчелерине турмуш-тиричиликке пайдалана турчу техника менен кир жуугуч машиналар коробкасы менен коюлган. Кампанын иреттүүлүгү менен тазалыгы өзүнчө кепке арзыйт, кудум операция жасалчу бөлмөдөй. Жүк ташыгычтардын бардыгы — кыргыздар.

"Бул жакта Бахтиярдан тышкары бокс боюнча чемпиондор Эркин Буржаноев менен Чынтемир Нарынбетов бар. Бардыгы жөнөкөй жигиттер. Жакшы иштешет. Кепке-сөзгө калышпайт", — деди кампанын башчысы Алишер.

Бахтияр бир күн иштеп, эки күн эс алат. Анткен менен күн сайын машыгуусу бар. Азыр эң башкысы, мыкты даярданып Кореядагы турнирди утуу керек.

"Жумушта мени баары түшүнөт. Кечкисин ар дайым саат ондо боло турчу көнүгүүгө жиберип турушат", — деди Бахтияр.

Кампанын ичинде дагы машыгуу бурчу бар. Адамдын тулку боюн элестеткен бокс "грушасы", аркан, турник жана пресс жасай турчу жабдыктар жетиштүү. Бахтияр бош боло калганда ушул жерден машыгарын айтат. Бирок жумуш учурунда залдагыдай тер төгө спорт менен алектене албайт. Машыгуу бурчунан жаш балдарды да көрүүгө болот. "Биз да Бахтиярдай болгубуз келет" деди алардын бири.

Чемпиондун жолу

Бахтиярдын машыккан залы "Преображенск аянты" метро станциясынын жанында жайгашкан. Домодедово менен залдын ортосун 70 чакырым алыстык бөлүп турат.

"Мен минтип жол жүрүп көнүп калгам. Албетте, оңой эмес. Кампадан станцияга чейин маршруттук унаа менен барам. Анткен менен кечки алтыдан кийин аталган транспорт токтойт. Такси чакырган күндөрүм болот", — деди Бахтияр.

Спортчунун өзүнүн машинасы жок. Кээде жолдон мекендештери тосуп алып кетет.

Бахтиярдын жубайы да буга чейин Москвада жашап, ашпозчу болуп иштеген.

© Фото / Уран ИсмаиловБахтияр Тойчубаев акыркы жылдары беделдүү делген кореялык Road FC уюмунда күч сынашып келет. Сүрөттүн оң жагында машыктыруучусу Айбек Мусаев.
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу - Sputnik Кыргызстан
Бахтияр Тойчубаев акыркы жылдары беделдүү делген кореялык Road FC уюмунда күч сынашып келет. Сүрөттүн оң жагында машыктыруучусу Айбек Мусаев.

"Мен Москвага алты жыл мурда келгем. Мектепти бүткөндөн кийин иштеш керек болду. Мурда отелде ашпозчунун жардамчысы болуп иштегем. Азыр тамактын түрүн жасай алам. Бирок бул иш жакпайт. Меники эмес экен", — деди Бахтияр.

Мушкердин жубайы улуу баласы Билал менен Кыргызстанга кеткен. Бир ай мурда ал жактан экинчи уулу Данил да туулган. Эми Бахтияр жакындары менен жарым жылда бир жүз көрүшүп турат. Жайында үй-бүлөсү Москвага келет, ал эми кышкысын Жалал-Абадда болушат.

Албетте, Бахтияр үйүн сагынат, бирок ага Москвада жүргөн да жагат. Чоң шаар, көп мүмкүнчүлүктөр бар дегендей.

"Москвада мени көп билишпейт. Кыргызстанда таанымалмын. Ошондой эле көп мамлекеттерде күйөрмандарым бар. Бул мени кубандырат", — деди Тойчубаев.

Биз Бахтиярдан "көчөдө мушташып көрдүңүз беле?" деп сураганыбызда, "жок, эч качан, бирок ичип алып "атырылгандар" болгон" деп айтып берди.

Мушкерге медициналык жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
"Мен аларга аралаш мушташ боюнча чемпион экенимди түшүндүрөм. Мындан улам өздөрү эле тобокелге барышпайт. Негизи эле чыр-чатактан айланып өткөнгө аракет жасайм", — деди спортчу.

Бахтияр спорттук карьерасын өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунан баштаган. Анда 8-класстын окуучусу эле.

"Мен бала кезимде эле спортчу болууну эңсегем. Бирок эмнегедир уялсам керек. Кеч баштадым. Ыкмаларды тез эле өздөштүрүп, ийгиликтерге бат жетише баштадым", — дейт спортчу.

Бахтиярдын Жалал-Абаддагы алгачкы жеңиши алигиче эсинде. Турнир анча чоң болбосо да анда жараткан ийгилиги төбөсүн көккө жеткирген. Көп өтпөй Тойчубаев бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган.

"Бардык турнирлерде Кыргызстандын желеги алдында чыгам. Ачыгын айтканда, биздин мамлекет спортчуларга эч кандай жардам көрсөтпөйт. Москвада иштеп жүргөнүбүздүн да себеби ушунда", — деди мушкер.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков27 жаштагы Бахтияр Тойчубаев бокс жана ММА боюнча спорт чебери. Аралаш мушташ боюнча 11 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген. 2015-жылы Молдовада ММА боюнча (WMMAF версиясында) дүйнө чемпиону аталган.
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу - Sputnik Кыргызстан
27 жаштагы Бахтияр Тойчубаев бокс жана ММА боюнча спорт чебери. Аралаш мушташ боюнча 11 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген. 2015-жылы Молдовада ММА боюнча (WMMAF версиясында) дүйнө чемпиону аталган.

Спорттук клубу

Баха машыккан "Жаш-Күч" клубу кечки 22:00дөн тарта иштейт. Спортчунун машыктыруучусу Айбек Мусаевдин айтымында, ар бир машыгууга 70-80дей бала келет.

"Спортчулардын көбү кыргыздар. Ошондой эле тажик, өзбек, молдовандар бар. Бизге москвалыктар, керек болсо чет жагында жашагандардын бардыгы келишет. Анткени машыгуу үчүн ай сайын эки миң рубль керектелет. Бул абдан арзан. Элдин көп келгени чыгымды актап кетет. Бизге рахмат айткандар көп. Себеби балдарды криминал, аракечтик, баңгизаттан оолак кылып, убактысын спортко жумшаганга жардам берип жатабыз", — деди Мусаев.

"Жаш-Күч" клубу Москвада абдан популярдуу. Бирок Кыргызстан тарабынан эч кандай колдоо жок. Элчилик да спортчулардын ал-акыбалына кызыкпайт.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
"Бахтияр азамат. Машыгууларды калтырбай, кечикпей келет. Алдыга максат коюп, ошого жете билген мушкер. Жакында кайрадан Кореядагы беттешке барганы жатабыз. Келечекте АКШдагы уюмдарда ат салышкыбыз келет. Бул нерсе колубуздан келет", — деди машыктыруучусу.

Бахтияр машыгууда өзүн эч аябайт. Чуркоо, спарринг, турникке тартынуу сыяктуу көнүгүүлөрдү жан дили менен жасайт. Залдан кийин кайрадан кампадагы ишине кайтып, сменин аягына чыгарат. Баха жана анын жакын адамдары кезектеги беттешинде ийгиликке жетип, далай мелдештерде Кыргызстандын желегин бийик желбирете турганына ишенишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0