Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессионалдуу спорт менен ишти айкалыштыруу мүмкүн эмес дегени менен көп спортчу бир нече жерде эмгектенип акча тапканга мажбур. Мамлекет тарабынан бардыгына эле стипендия бериле бербейт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ысымы элге таанылып калган спортчулар кандай жумушта иштей турганына кызыкты. Арасында таксист, курулушчу, ашпозчу, ырчы, машыктыруучулар жана ошондой эле өз кесибин аркалагандар бар экендигине күбө болду.

Канат Келдибеков — таксист, курулушчу

© Sputnik / Жоомарт УраимовММА мушкери Канат Келдибеков
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Канат Келдибеков

Спорт сүйүүчүлөргө "Тайсон" каймана аты менен таанымал ММА мушкери Канат Келдибеков үй-бүлөсүн багуу үчүн эки жумушта иштейт. Тапкан акчасы күнүмдүк тиричиликке жеткени менен мелдештерге толук кандуу даярданууга артпайт.

"Төрт баланын атасымын. Келинчегим иштебейт. Үй-бүлөмдү такси айдап жана курулушта иштеп багам. Чет мамлекеттен машыгуудан өтүп келүү, мелдешке баруу көбүрөөк акчаны талап кылат. Кээде демөөрчүлөрүм жардам берет", — деп айтып берди Келдибеков.

Буга чейин мушкер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине алты жаштагы уулуна операция жасатуу керектигин айтып, коомчулукка жардам сурап кайрылган болчу

© Sputnik / Эмиль СадыровУулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу

27 жаштагы Канат Келдибеков аралаш мушташ боюнча 16 беттеш өткөрүп, анын 12син утуп, төрт ирет жеңилген. Россиялык ACB (Absolute Championship Berkut — ред.) уюму менен келишими бар.

Дилдора Рахманова — машыктыруучу

© Фото / Эрмек КурманалиевАрмрестлинг жана улуттук күрөш түрлөрү боюнча спорт чебери Дилдора Рахманова
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Армрестлинг жана улуттук күрөш түрлөрү боюнча спорт чебери Дилдора Рахманова

Армрестлинг (кол күрөш — ред.) жана улуттук күрөш түрлөрү боюнча спорт чебери Дилдора Рахманова өзү гана машыкпастан балдарды да тарбиялап, турмуш-тиричилигине каражат таап келет. Ал 35 жашта.

"Баткен мамлекеттик университетинде дене тарбия сабагы боюнча ага окутуучу болуп эмгектенем. 14-15 миң сом айлык алам, кудайга шүгүр, өзүмө жетет. Ата-энем менен жашайм. Былтыр Азия оюндарына ден соолугума байланыштуу катыша албай калып стипендиядан кол жуугам", — деди Рахманова.

Интервью с четырехкратной чемпионкой Кыргызстана по  художественной гимнастике Айтурган Мырзакматовой - Sputnik Кыргызстан
Бул кыздардан модель чыкмак... Кыргыздын күчтүү жана ажарлуу спортчулары сүрөттө
Рахманова Кыргызстандагы белгилүү спортчулардын бири. Ал 2016-жылы алыш жана күрөш боюнча дүйнө чемпионатында, Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюнунда алтын байгеге ээ болгон. Ошол эле жылы бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло, ал эми түркмөн күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта биринчи орунду ээлеген. Күрөш түрлөрү боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль, Азия чемпионатында биринчи орунду багындырган. Ал эми Көмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында коло тагынган.

Кикбоксчу Авазбек Аманбеков — аскер кызматкери

© Sputnik / Табылды КадырбековКикбокс боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын тергөө криминалдык бөлүмүн аяктаган. Учурда Улуттук гвардиянын улук лейтенанты катары кызмат өтөйт.

"Негизи иш менен спортту алып кетүү кыйын. Мунун айынан канча деген таланттуу спортчулар машыгуусун таштап акча табууга ыктап кетип жатышат. Бирок жетекчилик түшүнүп, колдоо көрсөтүп турса, ийгилик жаратууңа да себепчи болот. Менин кесиптештерим машыгууларга, мелдештерге кечиктирбей жиберип турушат. Алган айлыгым өзүмө жетет. Мамлекеттен тарабынан айына 15 миң сом стипендия алам. Тер төккөнүмдүн үзүрү деп сүйүнүп калам", — деди мушкер.

28 жаштагы Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (Түркия, 2013-жыл), Азия чемпиону (2017-жыл) жана Азия оюндарынын чемпиону. Ошондой эле КРдин бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жакында эле Бишкекте өткөн Max Pro K1 (кикбокс) деп аталган эл аралык мелдеште да жеңүүчү аталган.

Спортчу менен болгон кенен маекти Sputnik даярдаган материалдан окусаңыз болот.

Жүк түшүргөн мушкер Бахтияр Тойчубаев

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквадагы кампалардын биринде кыргызстандык белгилүү мушкер, аралаш мушташтын WMMAF (2015-жыл) версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кампалардын биринде кыргызстандык белгилүү мушкер, аралаш мушташтын WMMAF (2015-жыл) версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев

Москвадагы кампалардын биринде кыргызстандык белгилүү мушкер, аралаш мушташтын WMMAF (2015-жыл) версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев эмгектенет.

Жакында эле Sputnik агенттиги спортчунун жашоосу тууралуу видео материал даярдаган болчу

© Sputnik / Алексей Тихомиров, Эмиль СадыровКүндүз кампада иштеп, түндө залда тер төгүп... Москвадагы кыргыз мушкери видеодо
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Күндүз кампада иштеп, түндө залда тер төгүп... Москвадагы кыргыз мушкери видеодо

Тойчубаев алты жылдан бери Москвада турат. Алгач отелде ашпозчунун жардамчысы болуп эмгектенген. Азыр турмуш-тиричилик оокаттары жыйылган кампада жүк ташып иштейт. Жумушка эки күндө бир чыгат. Себеби күн сайын машыгышы керек. Спорттук залы да жакын жерде жайгашкан эмес, 70 чакырым алыстыкка барат.

Бахтияр Тойчубаев 1992-жылы 31-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында туулган. Бокс жана ММА боюнча спорт чебери. Аралаш мушташ боюнча 11 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Акжол Махмудов - компаниянын жүзү

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов

Негизи олимпиадалык спорттун түрүн аркалагандардын көбү кошумча жумуштарда эмгектенбейт. Себеби окуу-машыгуулары үчүн мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, бир нече айлап чет мамлекетте болушат. Ошондой эле ар бири жетишкендиктерине жараша стипендия алышат.

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов да ошондой спортчулардын катарында. Анткен менен атамекендик кийим чыгарган компаниянын жүзү катары да таанымал. Компания социалдык тармакта Махмудовдун атындагы аккаунттарды иштетип, жаңы чыккан кийим-кечектин сүрөттөрүн кийгизип жүктөп келет.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
Бул туурасында балбан Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде да тастыктап, коомчулукка таанылуусуна спорттогу жетишкендиктеринен тышкары дал ушул кийим саткан компаниянын иши да жардам бергенин айтып берген.

Акжол Махмудов — өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. Соңку ирет грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып баш байгени уткан. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси.

Эске сала кетсек, балбан ушул жылдын март айынын башында футбол учурунда бутунан жаракат алып, Германиядан операция жасаткан. Учурда ден соолугун калыбына келтирип жатат

Эсен Калиев - ун чыгарган фирманын кызматкери

© Sputnik / Табылды КадырбековПаралимпиадачы Эсен Калиев
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадачы Эсен Калиев

Паралимпиадачы Эсен Калиев көпчүлүккө үлгү экендигин тартынбай айтууга болот. Табият аны бутунан майып кылганы менен оор сыноого майтарылбай, колу менен оор таштарды көтөрүп, пауэрлифтинг жылдызына айланган.

Спортчуга мамлекет тарабынан ай сайын стипендия чегерилет. Бирок үй-бүлөсүн багуу үчүн ун чыгарган фирмада мөөр басып иштей турганын редакцияга берген маегинде айтып берген.

Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарында бешинчи орунду ээлеп, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөгөн.

Нурзат Бактыяр кызы — милиционер

© пресс-служба ГАМФКиСОбладательница золотой медали в соревнованиях по кыргызской национальной борьбе "алыш" Нурзат Бактыяр кызы
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Обладательница золотой медали в соревнованиях по кыргызской национальной борьбе "алыш" Нурзат Бактыяр кызы

Мушкерге медициналык жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
Алыш күрөшүнүн балбаны Нурзат Бактыяр кызы Бишкектеги Эргеш Алиев атындагы ИИМ академиясын аяктап, учурда Кара-Суу райондук ИИБинин жаш өспүрүмдөр иштери боюнча инспектору болуп эмгектенип келет.

24 жаштагы спортчу өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан "2018-жылдын мыкты спортчусу" наамын алган. Ошондой эле Sports Awards версиясы боюнча да мыкты спортчу аталган

Ал алыш күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону жана күмүш байге ээси. 2017-жылы Түкмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында бел боо күрөшүнөн коло, алыш күрөшүнөн алтын медаль тагынган. Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Рафаэль Физиев таиланддыктарды машыктырат

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев

Спортчулардын көбү машыктыруучулукту аркалай турганы бардыгына эле белгилүү. Бирок айрымдары өзүнүн спорттук карьерасын жыйынтыктап, окуучуларына басым жасап кетет. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев эки тизгин бир чылбырды кармагандардын катарында.

Ал 2016-жылдан бери Таиланддын Пхукет шаарында жашап, машыгып, иштеп келерин маегинде айтып берген.

"Ишенесизби, ушул кезге чейин беттештен түшкөн акчаларды карыздарыма төлөп келдим. Машыгуу менен жумушту айкалыштыруу мүмкүн эмес. Анан акча сурайсың. Кээде мелдештен алган сый акымды толугу менен карызга төгүп берген учурум болгон. Беттешке чыкпаган убакта эртеден кечке балдарды машыктырып, турмуш-тиричиликке каражат табам. Кадимкидей айлык төлөп беришет", — деген Физиев.

Жакында эле кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев беделдүү делген UFC уюму менен келишим түздү. Буга чейин аталган промоутерлик компанияда өлкө атынан эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор күч сынашып келген.

Физиевдин UFC уюмундагы алгачкы беттеши 20-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Спортчу 2017-жылдын февралындагы беттеши менен эсте калып, эл оозуна алынган. Атаандашынын тепкенинен "Матрица" тасмасынын башкы каарманы Нео сымал буйтап кеткен. Андан кийин спортчу машыккан Таиланддын Phuket Top Team клубу Физиевди "ринг падышасы" атап, кыргызстандыктын беттеш учурундагы мыкты делген ирмемдерин видео кылып чыгарган.

Кикбоксчу жана ырчы Улан Касымбеков

© Sputnik / Табылды КадырбековКикбокс боюнча дүйнө чемпиону Улан Касымбеков
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Улан Касымбеков

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Улан Касымбеков коомчулукка ырчы катары да таанымал. Анын рэп аткаруучулары Бегиш жана Баястан менен ырдаган "Жерим Кыргызстан" чыгармасы, ошондой эле "Кыргызстан" жана "Кыргыз жигиттери" аттуу ырлары белгилүү. Касымбековдун патриоттук сезимди ойготкон ырларын мушкерлер сахнага чыкканда колдонуп жүрүшөт.

Спортчуга мамлекет тарабынан стипендия берилбейт. Кафелерде ырдап акча тапкан спортчу жакында эле Москвага башка иш издеп кеткенин айтып берди.

"Эсиңиздерде болсо керек, эки жыл мурда көзүмө операция жасатууга жардам сурап коомчулукка кайрылгам. Спортко кайдыгер эмес адамдар көмөктөшүп операция жасалган. Бирок быйыл кайрадан ден соолугум начарлап ири суммадагы каражатка дарыландым. Унаамды сатып, ал да жетпей карыз алууга туура келди. Ошол акчалардан кутулуу үчүн Москвага келдим. Ырчылык боюнча да иштеп бер дегендер болууда", — деди спортчу.

Ал ошондой эле спорттук карьерасын да таштабай уланта турганын кошумчалады.

Улан Касымбеков — Азиянын үч жолку чемпиону (2012, 2015, 2018), дүйнө чемпиону (2015) жана дүйнө кубогунун эки жолку ээси (2012, 2014). Ошондой эле бир катар республикалык жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Кикбоксчунун спорттук жолу, операцияны баштан өткөргөн убагы жана үй-бүлөсү тууралуу Sputnik даярдаган маектен окусаңыз болот.

Жөө күлүк Казбек Мияров - фирманын өкүлү

© Фото / предоставлено Казбеком МияровымУльтрамарафончу Казбек Мияров
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Ультрамарафончу Казбек Мияров

30 жаштагы Казбек Мияров — күлүк. Ал жөн спортчу эмес, ультрамарафончу, тагыраагы, ченемден тыш аралыкты багындыра алат. Биринчи мелдешинде эле 12 саатта 108 чакырымды чуркап өтүп, үч ирет рекорд койгон. Бул спортчу бир нече жумушта иштейт.

"Эң көп акча ботаска эле кетет. Төрт жылдан бери таманы жарык, үстү бүтүн ботастарым бир батир болоюн деп калды. Казакстандагы айнек чыгарган фирманын бул жактагы өкүлүмүн. Кошумча спорттук мелдештерди уюштурган агенттикте эмгектенем", — деди Мияров.

Жөө күлүк менен кенен таанышууну кааласаңыз, редакцияга курган маегин окуңуз.

Нурбек Исмаилов - "Ош тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси

© Фото / из личного архива Нурбека ИсмаиловаГрэпплинг жана аралаш мушташ боюнча спорт чебери Нурбек Исмаилов
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат? - Sputnik Кыргызстан
Грэпплинг жана аралаш мушташ боюнча спорт чебери Нурбек Исмаилов

Девушка во время тренировки по боксу - Sputnik Кыргызстан
Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты
Спортчулардын арасында мамлекеттик кызматтарда иштегендер жок эмес. Маселен, грэпплинг жана аралаш мушташ боюнча спорт чебери Нурбек Исмаилов былтыркы жылдын декабрь айынан тарта "Ош тазалык" муниципалдык ишканасын жетектеп келет

Буга чейин Ош шаардык муниципалдык троллейбустар паркынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган.

33 жаштагы спортчу Sports Awards версиясы боюнча жылдын мыкты (2017) грэпплинг чебери. ММА боюнча төрт мелдештин жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0