Көк бөрү: биринчи лиганын оюнунда Таластын командасы чемпион болду

© пресс-служба ГАМФКиСФинал Первой лиги по кок-бору: Келечек против Алкан-Ата
Финал Первой лиги по кок-бору: Келечек против Алкан-Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык беттеште "Алкан-Ата" менен "Келечек" командалары ойногон.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдештин биринчи лигасынын чемпиону Талас облусунун "Алкан-Ата" командасы болду. Оюн бүгүн, 21-мартта, Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында болду.

Финалдык беттеште "Алкан-Ата" командасы Бишкектин "Келечек" командасы менен ойногон. Жыйынтыгында "Алкан-Ата" командасы 1:5 эсебинде жеңишке жеткен.

Ал эми жогорку лигада "Ынтымак" менен "Достук" командалары чемпион аталышы үчүн күч сынашат.

Белгилей кетсек, 20-мартта биринчи жана жогорку лигада ойногондор арасында үчүнчү орун үчүн мелдеш болгон. Биринчи лигада үчүнчү орун үчүн "Соң-Көл" менен "Казарман" командалары ойноп, "Соң-Көл" 1 упай менен жеңишке жеткен. Жогорку лиганын үчүнчү орунуна "Көк жал" менен "Бакубат Талас" командалары ойноп, эсеп 1-7 эсебинде "Бакубат Талас" командасынын пайдасына аяктаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0