Макгрегор Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады

© AFP / Ethan MillerИрландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык мушкер реванш алуу мүмкүнчүлүгүн бергендиктен каршылашын сыйлай турганын айткан.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Нейт Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады. Бул тууралуу Р-Спорт басылмасы жазып чыкты.

2016-жылдын март айында UFC беттешинде Диас ирландиялык мушкерди муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошол эле жылдын август айында калыстын чечими менен Макгрегор Диасты утуп кеткен.

"Мелдеште мен Диастан утулуп калгам. Бирок ал мага ошол эле салмактык категорияда реванш алуу мүмкүнчүлүгүн берген. Диас чыныгы мушкер, аны абдан сыйлайм. Мен аны менен үчүнчү ирет беттешке чыгышым керек, бул сөзсүз ишке ашат", — деди Макгрегор.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Макгрегордун камактан бошоп, полициядан чыгып бараткан видеосу тарады
Эске салсак, Конор Макгрегор акыркы жолу былтыркы жылдын 6-октябрында россиялык Хабиб Нурмагомедов менен кармашкан. Жеңишке жеткен Нурмагомедов таймаштан кийин алгач атаандаш тарап менен кер-мур айтышып, андан соң тосмодон секирип өтүп, мушташа кеткен. Натыйжада NSAC териштирүү иштерин баштаган.

Ирландиялык мушкер да октагондо россиялык каршылашынын команда мүчөлөрү менен мушташып кеткен. Жыйынтыгында Макгрегор алты айга дисквалификацияланып 50 миң доллар айыпга жыгылган. Нурмагомедовго тогуз айга чейин UFC мелдештерине катышууга тыюу салынып 500 миң доллар айып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0