Бир күндө 4 мушкерди жеңген "Тайсон": беттеште уулум эң чоң мотивация болду

© Фото / из личного архива Каната КелдибековаАралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков
Аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Келдибеков эки күн мурда Кыргызстандын орточо салмактагы (66 килограмм) алдыңкы мушкерлердин мыктысын аныктаган ММА турниринде баш байгени жеңип алган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине беттешти утуп чыгууга эмне түрткү бергенин жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Эске сала кетсек, 21-мартта Кожомкул атындагы Cпорт сарайында 66 килограмм салмактагы Кыргызстандын белгилүү мушкерлеринин күчүн сынаган WEF Grand Prix турнири өткөн.

Мелдештин өзгөчөлүгү спортчулардын 8/1 финалдан баштап беттешкени болду. Жалпысынан 14 мушкер бири-бири менен таймашкан.

Жыйынтыгында Канат Келдибеков жеңүүчү деп табылып, баш байге катары чемпиондук кур менен Mercedes-Benz унаасын алган.

© Фото / из личного архива Каната КелдибековаАралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков
Бир күндө 4 мушкерди жеңген Тайсон: беттеште уулум эң чоң мотивация болду - Sputnik Кыргызстан
Аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков

Келдибеков 8/1 финалда Бекмамат Абдибаит уулун техникалык нокаут менен утса, чейрек финалда калыстардын чечими менен Бекболот Абдылда уулун жер каратты. Ал эми жарым финал Келдибеков үчүн эң кыйын кармаштардын бири болду. Оор соккулары менен эл оозуна алынып келе жаткан Алимардан Абдыкааровду муунтуу ыкмасы менен гана жеңе алды. Финалдык беттештин биринчи раундунда Немат Абдрашитовду дагы муунтуу ыкмасы менен утуп, турнирдин чемпиону деп табылды.

Спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова менен маектешти. Баарлашууну мушкердин оозу менен берүүнү туура көрдүк.

Жаакка жегенден кийин күчтөндүм...

Тайсондун байгеден уткан Mercedes-Benz унаасына араң жеткен видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Тайсондун" байгеден уткан Mercedes-Benz унаасына араң жеткен видеосу
Турнирге эки жумадай убакыт калганда оң бутуман жаракат алып, гипс салып коюшту. Аны эки күндөн кийин чечип салдым. Себеби мелдештен баш тарткым келген жок. Баары жакшы өтсүн деп Кудайдан сурандым.

Турнирге кыргыздын эң мыкты деген мушкерлери катышты. Алдын ала ким менен чыгарыбызды билген жокпуз. Чүчү кулак уюштуруучулар тарабынан аныкталды. Башка кармаштардан айырмаланып, бир нече ирет октагонго чыгарыбызды билгеним үчүн күчүмдү жоготпой, шашпай, байкаштырып чабуулга өткөнгө аракет кылдым. Биринчи жана экинчи кармаштарым дал ушундай планда өттү. Жарым финалда Алимардан (Абдыкааров — ред.) менен кез келдим. Ал бала менен чогуу машыгып, чогуу эле жүрчүбүз. Спорт деген ушул экен, бир октагондо күч сынаштык. Ал алгач сокку узатканда байкабай калдым. Анан жерге кулап түшсөм, үстүмөн ургулап баштады. Ошондо ичимен "өзүмдү колго алышым керек, күчтөнүшүм керек" дедим. Бир убакта Алимардандын башы колума урунду эле, колтугума кысып муунтуу ыкмасын колдонуп салдым.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЛУЧШИЙ СПОРТИВНЫЙ ПАБЛИК 🇰🇬 (@prosports_kyrgyzstan)

Чечүүчү кармашта Немат Абдрашитов менен күрөшөйүн деп чыккам. Биринчиден анын колу-буту узун, туруп кармашканда ыңгайсыз. Экинчиден сокку узатсам, бутумдун жаракаты артка тартып коймок. Анүстүнө акырында экөөбүз тең чарчап калыптырбыз. Немат партерден чабал эле. Анын да башын колтугума кысып муунтуу ыкмасын колдонуп уттум. Жеңиштин даамын сөз менен жеткире албайм...

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЛУЧШИЙ СПОРТИВНЫЙ ПАБЛИК 🇰🇬 (@prosports_kyrgyzstan)

Беттеште эки нерсе стимул берди

Азыркыга чейин Алимардан экөөбүздүн беттешибиз талкууланып жатат. Чынын айтканда, оор кармаш болду. Кудай чоң сактады. Оозум айрылып да кетиптир. Спорттогу ага-инилер "адатта жаакка катуу сокку жегенден кийин өзүңө келип, туруп кетүү кыйын" деп мага таң беришти. Албетте өжөрлүгүм, көк беттигим жеңишке салымын кошпой койгон жок. Бирок эң негизгиси мага стимул берген уулум болду... Анын кулагы угуп кетсин деп миң мертебе Кудайдан суранам. Үй-бүлөм, балдарым, жашоом... мага ушул нерселер дем берип, алдыда ийгилик жаратууга түрткү берет. Анан дагы бир нерсе. Жакында эле россиялык ACB турниринде ардагер мушкер Марат Балаевдин жеңишин көрүп маашырландым. Ал 43 жашында жаш жигиттей алдуу-күчтүү беттешип келет. Демек, биз азыр жаш экенбиз, далай ийгиликтер алдыда экен деп калдым.

Менин көздөгөнүм темир тулпар эмес болчу. Башында эле сокку жебесем, кайруу ыкмасына түшпөсөм, акыр-аягына чейин кармашып, WEF Grand Prix турнирин утам деп максат коюп чыккам. Буга чейин деле чемпион болчумун. Ошол нерсени дагы бир ирет аныктагым келди. 66 килограммда ким мыкты экендигин тастыктай алдым. Реванш-беттеш уюштурууга негиз жок деп эсептейм.

Балама жардам берем дегендер бар, бирок...

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?
Уулумдун ден соолугу Кудайга шүгүр, бала бакчага барып жатат. Буга чейин баламдын кулагына операция жасатууга каражат керек деп коомчулуктан жардам сурап келгенбиз. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты менен жолугуштук. Ал Түркиядан операция жасатууга жардам берем деп убадалап, керектүү анализдерин чогултуп жатат. Бирок авиабилет, жатакана, тамак-аш, басып-турганыбыз өзүбүздөн болот экен. Ага деле чамабыз жетчүдөй эмес. Дайыма эле иштегенге убакыт болбойт. Мелдештерге аз калганда үй бетин көрбөй калам, жаракат алсак ден соолукту калыбына келтирүүгө туура келет. Мелдештерде ийгиликке жетүү үчүн чет мамлекеттен машыгуу өтүп келүү зарыл. Кыскасы, спортто колдоо жок болсо кыйын. Кудай буюрса, өлкөмдүн желегин дагы да бийиктиктерге көтөрөм деген тилектерим арбын.

Азырынча эки айдай эс алам. Андан кийин менеджерим менен кийинки беттештеримди ойлонуштуруп баштайбыз. Россиялык "Ахмат" лигасы менен келишимим бар. Балким ошол жакта өткөрүп калаармын.

"Тайсондун" үй-бүлөсү жана жашоосу тууралуу кененирээк видеоматериалдан көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0