ММА федерациясынын президенти Радмир Габдуллин шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров менен жолугушуу учурунда

Бишкекке алгачкы ирет Россиянын ММА федерациясынын башчысы келди

191
Ушул дем алыш күндөрү ММА боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Анын алкагында International PRO2 "Россия vs Кыргызстан" мелдеши тартууланат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 22-мартта Бишкекке Россиянын ММА федерациясынын президенти Радмир Габдуллин учуп келгенин Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) маалымат кызматынан кабарлашты.

  • В Кыргызстан прилетел Президент Федерации ММА России Радмир Габдуллин.
    22-мартта Бишкекке Россиянын ММА федерациясынын президенти Радмир Габдуллин учуп келгенин Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) маалымат кызматынан кабарлашты
    © Фото / пресс-служба БГК
  • В Кыргызстан прилетел Президент Федерации ММА России Радмир Габдуллин.
    Алгач Габдуллин БШК төрагасы, ММА жана панкратион федерациясынын ардактуу президенти Жаныбек Абиров менен жолуккан.
    © Фото / пресс-служба БГК
1 / 2
© Фото / пресс-служба БГК
22-мартта Бишкекке Россиянын ММА федерациясынын президенти Радмир Габдуллин учуп келгенин Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) маалымат кызматынан кабарлашты

Алгач Габдуллин БШК төрагасы, ММА жана панкратион федерациясынын ардактуу президенти Жаныбек Абиров менен жолуккан.

"Россиянын ММА өкүлдөрү Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. КРдин чемпионаты жана өспүрүмдөр арасында биринчилик өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Чемпионаттын алкагында International PRO2 "Россия vs Кыргызстан" мелдеши тартууланат. Турнирлер борбордогу "Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда болот.

191
Белгилер:
чемпионат, ММА, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Мушкер Барчынай Узгенбаева Россиядагы сулуулук сынагына катышууда. Сүрөттөр