Хабиб катуу уруп койдубу? Макгрегордун кетишине соцтармактын реакциясы

© REUTERS / USA TODAY Sports / Stephen R. SylvanieТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC жылдызы карьерасын жыйыштырганын жар салган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Социалдык тармакта ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун карьерасын жыйыштырды деген жаңылык резонанс жаратты. Көптөр бул билдирүүдөн шек санаса, айрымдар жарнамалык ыкма катары сыпаттады.

Twitter колдонуучулары Макгрегордун постунун алдына шылдыңдаган түрдүү мемдерди жүктөп, комментарий жазышууда.

"Сен чемпиондук куруңду сактаганга караганда карьераңды көп жыйынтыктадың", — деп интернет колдонуучулардын бири белгиледи.

Америкалык радио алып баруучу Жордж Седано болсо мушкер апрель тамашалары качан башталарын унутуп калса керек деп мыйыгынан күлдү.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедовдун менеджери: Хабиб Конор менен көчөдө болсо да мушташат
Көпчүлүк Макгрегор өзү жарнамалап жүргөн Proper 12 вискисин ичип алып, мас абалында ушундай пост жазса керек деп болжошууда.

Соцтармактагылардын дагы бири Конор россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго UFC 229 турниринде жеңилип калгандыктан карьерасын аяктагандыгын жазышууда.

"Эмне, Хабиб катуу уруп койдубу?" — деди интернет колдонуучу.

Айрымдар бул болгону жарнамалык ыкма экенин айтып чыгышты.

"Бул болгону реклама да. Жакында ал жаңы беттеш тууралуу жар салат. Анан элдин баары Конор спортко кайтты деп кеп кыла баштайт", — деп мушкердин күйөрмандарынын бири жазды.

UFC жылдызы Конор Макгрегор бүгүн, 26-мартта, карьерасын жыйынтыктап жатканын өзүнүн социалдык тармактагы аккаунтуна жазган. Спортчу MMAде 21 беттеш өткөрүп, төрт жолу гана жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0