Акжол Махмудов: балдакты таштадым, үйгө баратам

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан бутунан жаракат алып, Германияда ден соолугун калыбына келтирип жаткан.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов операциядан кийин балдакты таштаганын жана үйүнө кайтып жатканын Instagram баракчасы аркылуу билдирип, сүрөтүн жүктөдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Акжол Махмудов🇰🇬 (@akjol_mahmudov)

Эске сала кетсек, марттын башында кыргызстандык балбан футбол учурунда бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германияга бара турганы белгилүү болгон.

Көп өтпөй Махмудов Германиянын Кёльн шаарында операция жасатып, ден соолугун калыбына келтирип жатканын айтып, машыгууга жаңы киришкен видеосун жүктөгөн.

Соңку постунда балдакты таштаганын жана үйүнө кайтып жатканын кабарлады.

"Салам, урматтуу күйөрмандар! Балдакты таштадым, үйгө кайтып жатам! Салам Кыргызстан, салам Бишкек, бардыгыңарды сүйөм. Жан дүйнөм үмүткө толуп, алдыдагы жеңиштерге белсенип турам", — деген балбан.

Акжол Махмудов — өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси. Жаштар арасында дүйнө чемпиону. Бириккен күрөш уюму (UWW) 2018-жылдын мыкты кармашы деп Махмудовдун ыкмаларын атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0