Хабибдин UFC боюнча кезектеги беттеши качан өтөрү белгилүү болду

© AP Photo / John LocherРоссиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкердин атаандашынын ысымы азырынча атала элек.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) башчысы Дана Уайт жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедовдун качан беттешке чыгарын билдирди.

MMA News UFC президенти россиялык спортчу октагонго сентябрь айында чыгарын айтканын жазган.

"Хабиб сентябрда кайтат. Азыр дисквалификацияда турат, андан соң мушташка чыкпай турган учур — Орозо айы келет. Ошон үчүн сентябрь деп жатабыз", — деген Уайт.

Российский боец UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жунглинин бир эле падышасы болот. Конордун кеткенин Хабиб кандай кабыл алды
Апрелде UFC чемпиондугу үчүн жеңил салмактагы мушкерлер Дастин Порье менен Макс Холлоуэй беттешет. Таймашта ким жеңсе, ошол киши Нурмагомедовдун атаандашы болору айтылды. Беттешүүнүн негизги талапкерлеринин бири Тони Фергюсон болору да божомолдонууда.

Невада штатынын атлетика комиссиясы Нурмагомедов UFC 229 турниринде Конор Макгрегор менен беттешкенден кийин чыгарган жаңжалы үчүн 9 айга четтетилип, 500 миң доллар айыпка жыгылган. Ал эми чырга катышты деп кине коюлган Макгрегор жарым жылга дисквалификацияланып, 50 миң долларлык жазага тартылган. Комиссия, мындан сырткары, Хабибдин командасындагы Абубакар Нурмагомедов жана Зубайр Тухуговду да дисквалификациялап, 25 миң доллардан айып салган.

Эскерте кетсек, беттеш былтыр 6-октябрда өткөн. Жеңишке жеткен Нурмагомедов таймаштан кийин алгач атаандаш тарап менен кер-мур айтышып, андан соң тосмодон секирип өтүп, мушташа кеткен. Натыйжада NSAC териштирүү иштерин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0