Зинедин Зидандын уулу "Реалдын" негизги курамында оюнга чыкты

© AFP / JAVIER SORIANOФранцузский вратарь мадридского "Реала" Лука Зидан
Французский вратарь мадридского Реала Лука Зидан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү футболчу баласынын ойногону боюнча пикирин билдирди.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Испаниянын "Реал" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидандын баласы Лука "Уэск" клубу менен болгон беттеште дарбаза кайтарды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Өз кезегинде Зинедин Зидан баласынын оюнга чыгышы боюнча пикирин билдирди.

​"Лука үчүнчү дарбазачы. Тибо Куртуанын саламаттыгында маселе бар эле. Кейлор Навасуну бир аз эс алсын дедик. Бүгүн ага (баласы – ред.) мүмкүнчүлүк бергим келди. Ал менин балам болгону үчүн эмес, "Реалдын" оюнчусу болгону үчүн чыкты. Ал тажрыйбалуу оюнчу", — деди ал.

Оюн 3:2 эсеби менен "Реалдын" пайдасына аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0