Руслан Түмөнбаев: медалдарымды уурдагандар кайтарып берсе артынан түшпөйт элем

© Sputnik / Табылды КадырбековПекин Олимпиадасынын (2008-жыл) Грек-рим күрөшү боюнча коло медаль ээси Руслан Түмөнбаев(оңдо). Архив
Пекин Олимпиадасынын (2008-жыл) Грек-рим күрөшү боюнча коло медаль ээси Руслан Түмөнбаев(оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ спортчунун үйүнө ууру кирип, бир топ медалын, анын ичинде Олимпиададан алган байгесин көтөрүп кеткени маалым болгон.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Пекин Олимпиадасынын (2008-жыл) Грек-рим күрөшү боюнча коло медаль ээси Руслан Түмөнбаев уурдалган медалы жана кайрадан спортко кайтып жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Борец Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Пекин Олимпиадасында күнү тууган спортчуларыбыз кайда?
Эске сала кетсек, кечээ Түмөнбаевдин медалдарын белгисиз адамдар үйүнөн уурдап кеткенин редакцияга спортчунун бир тууган карындашы Бактыгүл Түмөнбаева кабарлаган. Кылмышкерлер Ак-Өргө конушундагы үйгө кирип, балбандын документтери менен кошо 12 медалын алып кетишкен. Уурдалгандардын арасында спортчунун Олимпиададан алган сыйлыктары, андан сырткары, телевизор менен кымбат баадагы сакал алуучу машина бар экенин айтып берген. Окуя 29-мартта болгон. Бишкек ШИИББ уурулук фактысы болгонун тастыктап, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча каттоого алынганын айткан.

Түмөнбаев үйүнө уурулар биринчи жолу кирип жатпаганын билдирди.

"Буга чейин бир нече жолу майда-барат оокаттарды уурдашкан. Милицияга арыз жазган эмеспиз. Анүстүнө жер үйлөр көп тонолот эмеспи. Албетте, медалдар спортто талыкпаган эмгектин көрсөткүчү. Бирок жашоодо андан да маанилүү нерселер бар да. Ата-энем, бир туугандарым дегендей. Медалдар сумкада салынуу болчу. Ууру аларды өткөрсөм акча болот десе керек. Бирок Олимпиаданын медалы өлкөдө саналуу гана кишиде бар. Аны сата албайт, бирөөгө бере албайт. Уяты бар киши кайтарып берет деп ишенем. Эгер табылып калса, алгандарды артыман сүйрөтүп, көп кыйнабайт элем", — деди Түмөнбаев.

Ал ошондой эле 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына катышууну пландап жатканын айтып берди.

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан хоккей боюнча Кувейт командасын 14:0 менен утуп алды
"Эки айдан бери Американын Пенсильвания шаарында иштеп, машыгып жатам. Эки күндө бир жумушка чыгам. Спорттук залга күн сайын калтырбай барып, тер төгө машыгуудамын. Алдыда Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына катышайын деген ниетим бар. Жакында лицензиялык турнирлер башталат. Килем бетине 67 килограмм салмакта чыгайын деп жатам", — деди Түмөнбаев.

Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган. Ага чейин 2006-жылы Азия оюндарында дагы коло медалга татыган. 2007-жылы болсо Азия чемпионатында коло, бир жылдан кийин ушул эле чемпионатта алтын алган.

1986-жылы 28-майда Бишкек шаарында туулган спортчу олимпиадалык спорт боюнча дирекциянын орун басарлыгын жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0