Мушкер Тилек Жээнбековго операция жасалды. Ооруканадагы кайрылуусу

© Sputnik / Табылды КадырбековОор салмактагы кыргызстандык белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков. Архив
Оор салмактагы кыргызстандык белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу былтыр Америкада машыгып жүргөндө бутунан жаракат алган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Оор салмактагы кыргызстандык белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков тизесине операция жасатканын Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Эске сала кетсек, мушкер былтыр октябрдын башында карьерасына карап үй-бүлөсү менен Америкага кетип, дүйнөлүк ММА мушкерлери барган ири залда машыгып жаткан. Бирок машыгуу учурунда тизесин кокустатып алганына байланыштуу Кыргызстанга дарылануу үчүн кайтып келген.

Ал соңку постунда операция жасатып, реабилитациядан өтүп жатканын билдирди.

"Салам, урматтуу достор. Кудайга шүгүр, тиземе ийгиликтүү операция жасалды. Иш билги жана кесипкөй адистерге туш болдум. Учурда ден соолугумду калыбына келтирип жатам. Колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. Алдыда дүйнөлүк аренага чыгайын деген каалоо дагы, максат дагы күч", — деген спортчу.

Жээнбеков Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысына билдиргендей, операция бүгүн, 2-апрелде, Москва шаарындагы ооруканалардын биринде жасалган.

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: балдакты таштадым, үйгө баратам
Тилек Жээнбеков — оор салмактагы таанымал ММА мушкерлеринин бири. Былтыр үч ирет мыкты беттеш тартуулаган. 6-мартта WEF Global турниринин алкагында украиналык Юрий Проценкону, 14-майда швециялык Малик Тамбени утуп алган. Ал эми 23-июлда Кореядагы Angels Fighting спорттук лигасынын алтын курун тагынган. Жээнбеков атаандаштарынын бардыгын техникалык нокаут менен жер караткан.

Ал ошондой эле панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсиалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Күжүрмөн самбо, грэпплинг, оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) боюнча Кыргызстандын чемпиону. Кыргызстандагы Fighter KG спорт клубунун тарбиялануучусу. Машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров. Каймана аты — "Азия арстаны".

29 жашта. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0