Депутаттар менен министрлер футбол талаасында беттешет

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол топтору. Архив
Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлөт.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш менен өкмөт мүчөлөрүнөн түзүлгөн команда мини-футбол ойной турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Аттан кулаган, ылай болгон депутаттар. Аткаминерлер ойногон көк бөрүнүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Аттан кулаган, ылай болгон депутаттар. Аткаминерлер ойногон көк бөрүнүн видеосу
Турнир 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлөт. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында спорттук иш-чаралар белгиленген.

Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүн кыргызстандыктар 2014-жылдан бери майрамдап келет. Ага чейин өкмөттүн 1993-жылдагы токтому боюнча сентябрь айында өткөрүлүп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0