UFC турниринде Антонина Шевченко менен Рафаэль Физиев жеңеби? Божомол

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын UFC мушкери Рафаель Физиев. Архив
Кыргызстандын UFC мушкери Рафаель Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рафаэль Физиев үчүн бул UFC турнириндеги биринчи беттеш. Ал эми Антонина Шевченко Россияда өтө турган UFC мелдешинин алкагындагы аялдардын алгачкы беттешине катышмакчы.

БИШКЕК, 4-апр.— Sputnik. Букмекерлер Антонина Шевченконун америкалык Роксана Модаффери менен, ошондой эле Рафаэль Физиевдин россиялык Магомед Мустафаев менен болчу беттешинде спортчулардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык экенин айтышты.

UFC Fight Night 149 турнири 20-апрелде Санкт-Петербургда "Юбилейный" спорт комплексинде болот. Физиев үчүн бул UFC турниринин алкагындагы биринчи беттеш.

1xBet букмекердик конторасы кыргызстандык спортчу Шевченкого 1,296 коэффициентин берсе, поляк кызыныкы 3, 42ди көрсөткөн. Башкача айтканда, кыргызстандык кыздын жеңүүсү ыктымал. Беттеште спортчулар тең болуп калышы мүмкүн эмес, анткени эки коэффициенттин айырмасы өтө эле чоң — 71.

Ал эми Физиевдин жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү азыраак. Кыргызстандык спортчунун коэффициенти 2,33 болсо, россиялык Мустафаевдики 1,61ди көрсөткөн.

Аралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду
Рафаэль Физиев UFC уюму менен келишим түзгөн үчүнчү (Валентина жана Антонина Шевченколордон кийин) кыргызстандык. Спортчу 2017-жылдын февралындагы беттеши менен эсте калып, эл оозуна алынган. Атаандашынын тепкенинен "Матрица" тасмасынын башкы каарманы Нео сымал буйтап кеткен. Андан кийин спортчу машыккан Таиланддын Phuket Top Team клубу Физиевди "ринг падышасы" атап, кыргызстандыктын беттеш учурундагы мыкты делген ирмемдерин видео кылып чыгарган.

Физиев биринчи таймашын былтыр Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин тандоо турунда көрсөтүшү керек эле. Бирок ал АКШ визасын ала албай калып, мелдешке катышпай калган.

Уюштуруучулар Шевченко менен каршылашынын кармашын UFC боюнча россиялык турнирлердин тарыхында биринчи аялдар беттеши болорун айтышкан.

Модаффери — чемпион титулунун мурунку талапкери. Акыркы беттешин ал былтыркы жылдын ноябрь айында өткөрүп Сиджаре Юбэнкске утулуп калган.

Антонина Шевченконун UFC турнириндеги биринчи беттеши 2018-жылдын декабрь айында болгон. Анда спортчу Түштүк Кореянын мушкери Жи Йон Ким менен кармашып, жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0