"Ак аюу" Мамасалиев: Проценко реванш үчүн 8 миң доллар сурап туруп алды

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев украиналык Юрий Проценкого 2017-жылы JFC турниринин алкагында жеңилип, чемпиондук курду тагынбай калган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү ММА мушкери Мыктыбек Мамасалиев мурдагы атаандашы Юрий Проценкону реванш беттешке чакырып, бирок каршылашы гонорарды көп сурагандыгына байланыштуу мелдешпей калышты. Бул туурасында маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу өзү тастыктады.

Анын айтымында, мушкерлер 30-апрель күнү Алматыда өтө турчу JFC жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турниринин алкагында беттешмек. Учурда Мамасалиевге башка атаандаш каралып жатат.

"Проценко реваншка чыгуу үчүн 8 миң доллар гонорар сурап туруп алды, уюштуруучуларда мындай сумма жок. Ал гана эмес, Россиядагы алдыңкы уюмдар мушкерлерге 5-6 миң долларга чейин эле төлөп берет. Бул аша чапкандык. Анын мындай жообун "чыкпайм" деген шылтоодой эле кабыл алдым. 30-апрелде боло турчу беттешке сөзсүз катышам. Азыр мага атаандаш изделип жатат", — деди кыргызстандык мушкер.

Мамасалиев Проценкого карап партерде күч сынашканды үйрөнгөнүн айтып берди.

"Проценкодон жеңилгенден кийин күрөш жагынан чабал экенимди түшүнүп, партерде көбүрөөк машыгып келдим. Реванш болоруна ишенген болчумун. Бирок өзүмдүн стилимде сокку узатуулар сөзсүз болмок. Кезектеги турнирге даярдык көрүүгө эркин күрөш боюнча спорт чебери, агайым Дүйшөн Төрөкулов менен машыктыруучу Фарух Абдужапаров жардамын берүүдө. Акыркы беттештеримде абсолюттук салмакка чыгып келдим. Эми кайрадан өзүмдүн 93 килограммга чейинки салмагыма кайтайын деп жатам", — деди Мамасалиев.

Участник турнира JFC Fight Night 2017 (БК Жаш Куч) Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
"Ак аюу" Мамасалиев: максатым — UFC чемпиону болуу
Ошондой эле спортчу быйыл карьерасын жандантып, бир нече турнир өткөрүүгө белсенип жатканын жана чет өлкөлүк уюмдарда дагы күч сынашуу планы бар экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, нокауттары менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев украиналык Юрий Проценкого 2017-жылы JFC турниринин алкагында жеңилип, чемпиондук курду тагынбай калган.

Мамасалиев жарым жылдан кийин кайрадан октагонго кайткан. JFC Young Force турнирининин алкагында дагы бир украиналык мушкер Владимир Мищенко менен мелдешип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.

Ал эми Юрий Проценко Мыктыбек Мамасалиев менен беттешкенден бери жалпысынан тогуз беттеш өткөргөнгө жетишип, анын бешөөсүндө утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0