Макгрегор менен Нурмагомедовдун чырына UFC башчысы кийлигише баштады

© REUTERS / USA TODAY Sports / Stephen R. SylvanieБой Хабиба Нурмагомедова и Конора Макгрегора в UFC
Бой Хабиба Нурмагомедова и Конора Макгрегора в UFC - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө аты чыккан эки мушкер социалдык тармактан бири-бирине сес көрсөтүүдө.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. UFC башчысы Дана Уайт Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун Twitter баракчасындагы кайым айтышуусу боюнча пикирин билдиргенин РИА Новости жазды. 

​"Экөөнүн соцтармактагы талаш-тартышынан кабарым бар. Абалды көзөмөлдөй албай калышты. Анан да айтылган сөздүн баары айтылбашы керек эле. Эки мушкердин командалары менен байланышып, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылабыз", — деди Уэйт.

Эскерте кетсек, ММА мушкери Конор Макгрегор Twitter баракчасынан Хабиб Нурмагомедовдун жубайына тил тийгизген. Ага жооп иретинде россиялык мушкер ирландиялык спортчуну эки жүздүү зөөкүр атаган.

Буга чейин Макгрегор карьерасын жыйынтыктаганын жар салып жиберип, бир жумага жетпеген убакытта кайра спорттогу жолун улантарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0