Султанов: АФКнын вице-президенттигине талапкерлигимди федерация чакыртып алды

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы жетекчиси Семетей Султанов. Архивное фото
Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы жетекчиси Семетей Султанов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-президентти шайлоо 6-апрелде өтүп, анда АФК башчысы кайрадан шайланган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы жетекчиси Семетей Султанов анын Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттикке талапкерлигин КР Футбол федерациясы чакыртып алганын Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Султановдун айтымында, ал атамекендик футболдун деңгээлин жаңы баскычка көтөрүүнү ниет кылган.

"Федерацияны жетектеп турганда, кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүүнү максат кылгам. Биздин курама команда Азия кубогунда квалификациялык тайпадан өтүү менен тарыхта калды. Мен мындан ары жаңы деңгээлге көтөрөйүн деген планым бар болчу", — деген Султанов.

Султанов федерацияны 2012-жылдан 2019-жылдын 10-январына чейин жетектеп, өз каалоосу менен кеткен.

Матч Абдыш-Ата — Наше пиво. Финал Кубка Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз футболунда болчу өзгөрүүлөр. Жаңы логотип көрсөтүлдү
Азырынча федерация Султановдун билдирүүсү боюнча үн ката элек.

Буга чейин Футбол федерациясы АФКнын 29-конгресси Куала-Лумпур (Малайзия) шаарында өткөнүн, ал жакта Азия футбол конфедерациясынын башчысы болуп кайтадан бахрейндик Шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа шайланганын кабарлаган.

51 жаштагы Шейх Салман Аль-Халифа АФКны 2013-жылдан бери жетектеп келет. Эми ал 2023-жылга чейин кызмат кылат.

Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттери болуп Сауд Азиз Эль-Моханнади (Катар), Мехди Тадж (Иран), Макдум Сайед Файзал Салех Хайят (Пакистан), Зо Зо (Мьянма) жана Ганбаатар Амгаланбаатар (Монголия) шайланды. Андан сырткары, АФКнын аткаруучу комитети да тандалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0