Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов

Арабдарга шылтоо керек болду. Хоккей командасынын оюндан чыгып калуу себеби аталды

623
Маалымат жыйындын катышуучулары бир да команда легионерсиз жашай албай турганын айтышты.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы алдына коюлган милдетти так аткарды, ал эми Араб Эмирлиги каалаганын жасап койду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Швейцарияда өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кыргызстандын командасы төрт атаандаш команданы утуп, дүйнө биринчилигине жолдомо алмак. Бирок кыргызстандык команданын курамында чет жактан легионер бар деген кине менен улуттук хоккейчилердин төрт оюну жокко чыгарылган.

"Спортто легионерсиз болбойт. Александр Титов болбосо дагы бирөө болмок, Титов жөн гана шылтоо болду. Биздин команда алдына коюлган милдетти так аткарды, ал эми арабдар каалаганын жасап койду. Жөн гана команданы оюндан четтетүү аракети болду", — деди Жакыпов.

Маалымат жыйындын катышуучуларынын айтымында, команда тандоо туруна мыкты даярданган, легионерлерди издөө дагы дыкат жүргөн. Оюнчулардын ата-энеси качандыр бир кезде Кыргызстандын жарандары болчу.

Белгилей кетчү жагдай, Александр Титов 19 жашта, эки жыл мурун Кыргызстандын жарандыгын кабыл алган. "Дордой" командасына мүчө. Тандоо туру башталгыча атайын кат жөнөтүлүп, Титовдун ойноосуна уруксат алынган.

623
Белгилер:
тандоо, команда, легионер, хоккей
Тема боюнча
Муну жөн койбойбуз! Хоккей чыры боюнча федерация башчысы үн катты
Хоккей: 5 жолку жеңишке карабай КРдин чемпионатка катышпай калышынын себеби айтылды