Арабдардын жоругун өз намысына койдук! КРдин хоккей командасынын капитаны

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын капитаны Владимир Тонких
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын капитаны Владимир Тонких - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БАЭнин даттануусунан улам Кыргызстандын командасынын мурунку төрт жеңиши жокко чыгарылып, Дүйнө чемпионатына чыгуу укугунан ажырап калган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын капитаны Владимир Тонких Дүйнө чемпионатына тандоо турунда болгон чуулуу окуя боюнча пикирин билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда журналисттер менен жолуккан.

"Баарынан да машыктыруучуга кыйын болду окшойт. Анткени ал оюнга чейин утушубуз жокко чыгарылганын билип туруп, бизге дем берип жеңишке сүрөп жатты. Биз чыктык, жеңдик, муз үстүнө жата калып кубандык, маанайыбыз абдан жакшы болгон. Күйөрмандарыбыз да өтө көп келгенине сүйүндүк. Биз аларды (БАЭ командасы — ред.) жеңгенибизди билебиз, муну дүйнө жүзү, бүт өлкө көрдү. Мындай жоругун өзүлөрүнүн намысына койдук", — деди Тонких.

Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов - Sputnik Кыргызстан
Арабдарга шылтоо керек болду. Хоккей командасынын оюндан чыгып калуу себеби аталды
6-апрелде Кыргызстандын курама командасы өз тайпасындагы акыркы атаандашы Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларын жеңип, лидер болгон болчу. Ага чейинки этаптарда Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконг командаларын ири эсеп менен утушкан. Мындай жеңиш кыргызстандык оюнчуларга Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек. Бирок хоккей боюнча Эл аралык федерация улуттук команданын курамында Россияда ойногон Александр Титов да болгон деген негиз менен буга чейинки төрт жеңишти жокко чыгарып салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0