Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко менен сүрөткө түшкөн күйөрманы эл алдында жашып кетти.
Дүйнөгө аты чыккан спортчу сегиз жылдан кийин мекенине келип, бүгүн Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолуккан. Жаш жигит ага суроо берүү үчүн микрофон алып, анын беттештерин 2015-жылдан бери калтырбай көрүп, колдоп келгенин айтты. Андан соң Шевченкого кайрылып сүрөткө түшүп алууну суранган. Спортчу анын сунушун кабыл алып эл алдында сүрөткө түшкөн. Ошол учурда ал кубанганынан жашып кеткенин көрүүгө болот.
Валентина Шевченко Бишкекке 7-апрель күнү келди. Эртең, 9-апрелде, Ош шаарына барып борбордук аянтта күйөрмандары менен жолугат. Ал Кыргызстанда бир жума жүрө турганын айтты.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте дзюдо боюнча өтө турган рейтингдик Азия жана Океания чемпионатынын расмий постери чыкты. Мелдешти өткөрүүгө даярдык кызуу жүрүп жатканын аталган спорт боюнча улуттук федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт.
"Бул Кыргызстан дзюдосу үчүн өтө маанилүү окуя. Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Чемпионат Олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында. Турнирге 500дөй балбан катышары пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерация бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Мелдештин жүрүшүн "КТРК Спорт" телеканалы түз алып көрсөтөт. Мындан тышкары, Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат.
Спорттук иш-чаранын алкагында Азия дзюдо федерациясынын конгресси да пландаштырылган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте 14-майдан 25-майга чейин "Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогу — 2021" мелдешинин тайпалык этабынын оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.
Конфедерация мелдеш өткөрүлө турган жерди аныктоодо ушундай чечимге келишкен.
"Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргызстандын чемпиону "Дордой" клубу Е тайпасына түшкөн. Бишкектик команда Тажикстандын кубогунун жеңүүчүсү "Равшан" жана Түркмөнстандын вице-чемпиону "Ахал" клубдары менен ойнойт. Борборлоштурулган мелдеш 14-20-май күндөрү Бишкекте өтөт", — деп айтылат маалыматта.Кыргызстанда акыркы расмий оюн 2019-жылы болгон. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасы Япония жана Тажикстан менен кездешкен. Пандемияга байланыштуу өлкөдө башка эл аралык оюн өткөн эмес.
КФСтин маалымат кызматы графикте өзгөрүү болушу мүмкүн экенин эскертет.
Ал эми Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү "Алай" ойной турган F тайпасынын беттештери Душанбе шаарына белгиленген. Оштун командасы Тажикстандын "Худжанд", Түкмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" жана Өзбекстандын (азырынча аныктала элек) командасы менен таймашат.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кол коюлган документтер: