Кулатуу эр таймаш (WEF) федерациясы Валентина Шевченконун күйөрмандары менен жолугушуу учурунда ага кийгизилген калпак менен чепкен

WEF: күйөрман чепкен менен калпакты Шевченкого эмес, Федотовго кийгизем деп чыккан

1125
(жаңыланган 12:46 09.04.2019)
Бишкектеги күйөрмандар менен жолугушуу учурунда Шевченкого калпак кийгизип, үстүнө чепкен жабылганы кызуу талкуу жаратууда.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кулатуу эр таймаш (WEF) федерациясы Валентина Шевченконун күйөрмандары менен жолугушуу учурунда ага кийгизилген калпак менен чепкен тууралуу түшүндүрмө берди.

Эске сала кетсек, кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко Бишкекке 7-апрелде келген. Кечээ соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүп, анда мушкердин башына ак калпак кийгизип, үстүнө чепкен жабылган. Мындан улам айрым интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаралууда.

Мушкердин сапарын уюштурган WEF федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов кийимди катардагы күйөрман кийгизгенин айтып берди.

"Шевченкого калпак менен чепкенди биз кийгизген жокпуз. Сахнада уюштуруу комитети турганда күйөрмандардын бири мушкердин машыктыруучусу Павел Федотовго калпак менен чапкан кийгизе турганын айтты. Биз ишенип чыгарганбыз. Анан чыгып эле Валентинага кийгизип салды. Биз түшүнбөй эле туруп калдык. Эмнеге күйөрман мындай кадамга барганын билбейм. Толкунданып, сүйүнүп, сүрдөп кеттиби же атайын жасадыбы, айтор, белгисиз. Ал жигит ким экендиги бизге да кызык. Таап калсак, жакшылап сүйлөшөт элек", — деди Токтогонов.

Валентина Шевченконун борбордогу күйөрмандары менен жолугушуусун толугу менен Sputnik даярдаган видеодон көрүңүздөр.

Мушкер эртең менен Ош шаарына барган.

Валентина Шевченко акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон. UFC жылдызы муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енжейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

1125
Белгилер:
талкуу, ак калпак, күйөрман, жолугушуу, Павел Федотов, Валентина Шевченко, UFC, Бишкек
Тема боюнча
Валентина Шевченкону Ош шаарында кантип тосуп алышты. Видео
Сегиз жылдан кийин мекенине келген Шевченконун сапары кандай өтүүдө. Сүрөттөр
Жээнбеков Валентина Шевченкону "Даңк" ордени менен сыйлады
Шевченко: жакшы көргөн "Ош" базарымды кыдырам