Бразилияда мушташкан футболчуларды спецназ газ чачып эсине келтирди. Видео

© Sputnik / Игорь Башковитый / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкерлери. Архивное фото
Полиция кызматкерлери. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Гояс штатынын чемпионатынын жарым финалдык оюну маалында болду.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бразилияда "Атлетико Гоияниенсе" жана "Вила-Нова" клубдарынын оюну массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу жергиликтүү Globo басылмасы жазды.

Окуя Гояс штатынын чемпионатынын жарым финалдык оюну маалында болду. Финалдык ышкырыктан кийин атаандаштар ким кыйын экенин муштум менен аныктоону чечишкен.

​Күбөлөрдүн айтымында, футбол талаасында болуп жаткан көрүнүш көчөдөгү башаламандыкка окшоп калган. Аягында полиция менен спецназ жаш чыгарган газ чачууга аргасыз болду.

Жыйынтыгында "Атлетико" командасынын сүрөтчүсү катуу жабыркаганы айтылды.

Оюн "Атлетиконун" пайдасына 1:0 эсебинде аяктап, команда финалга чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0