БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 16-27-апрель күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтөт. Ушул тапта спортчулар чемпионат боло турчу шаарда машыгуудан өтүп жатат.
Мелдеште өлкө намысын 9 боксчу коргойт, аларды эки машыктыруучу коштоп кеткен. Курама командага спорт агенттиги тарабынан 1 миллион 818 миң сом каралган.