АФК вице-президенттигинен Султановдун талапкерлиги эмнеге алынган? Расмий жооп

© Фото / пресс-служба ФФКРПрезидент ФФКР Семетей Султанов
Президент ФФКР Семетей Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федерациядан билдиришкендей, Султанов өз талапкерлигин 2018-жылы ноябрь айында КРдин Футбол федерациясынын жетекчиси болуп турган кезде койгон.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Семетей Султановдун Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигин эмне себептен чакыртып алганын түшүндүрдү.

Буга чейин Семетей Султанов анын талапкерлиги артка чакыртылганын билдирген. Шайлоо өзү 6-апрель күнү болгон.

Федерациядан билдиришкендей, Султанов өз талапкерлигин 2018-жылы ноябрь айында КРдин Футбол федерациясынын жетекчиси болуп турган кезде койгон.

Султанов 7-январь күнү федерация жетекчилигинен кеткен.

"Султановдун президент болбой калгандыгын жана талапкерлигин сунуштоо мөөнөтү өтүп кеткендигин эске алуу менен аткаруу комитети 19-март күнү анын талапкерлигин чакыртып алууну чечти", — деп түшүндүрүштү федерациядан.

Маалыматка караганда, эл аралык футбол уюмдарынын (ФИФА, АФК жана башкалар) жетекчилигине улуттук курама командага жана футболго түздөн-түз тиешеси бар адам гана бара алат.

Буга чейин Аткаруу комитетинин мүчөсү Айгерим Сабралиева социалдык тармактагы баракчасына Султанов талапкерлигин өз демилгеси менен комитеттин макулдугусуз жибергенин жазып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0