Антонина Шевченко UFC турниринде америкалык Модаффериге утулуп калды

© Sputnik / Александр ГальперинДуэль взглядов на турнире UFC Fight Night 149 в Санкт-Петербурге
Дуэль взглядов на турнире UFC Fight Night 149 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко алгачкы ирет Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан UFC Fight Night 149 турниринин алкагында кыз-келиндер арасындагы беттешке катышты.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык Роксанн Модаффериге калыстардын чечими менен утулуп калды.

​Учурда Санкт-Петербург шаарында UFC Fight Night 149 турнири өтүп жатат. Анда Шевченко 57 килограмм салмакта Модаффери менен раунд бүткүчө беттешип, натыйжада калыстардын чечими менен атаандашы жеңүүчү деп табылды.

​Антонина Шевченко тай боксу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, спорттун ММА түрүндө жети ирет жеңүүчү аталган. Былтыр UFC уюму менен келишим түзгөн. Каршылашы Модаффери 23 мелдешти утуп, 15 ирет жеңилген.

​Ушул эле мелдеште дагы бир кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0